Педиатрия кафедрасы жөнүндө

Кафедра башчысы

Аты-жөнү: Найзабекова Салима Джумасановна

Илимий даражасы: PhD, доценттин м.а.

Байланыштар:

Дареги: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 88/1, «Аманат» университеттик клиникасы, 5-кабат, №502 кабинет

Email: pediatrics@ism.iuk.kg

Кафедра жөнүндө

Урматтуу абитуриенттер, студенттер, дарыгерлер жана сайттын коноктору, сиздерди көргөнүбүзгө кубанычтабыз!

«Педиатрия» кафедрасы 2025-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн.
Кафедрада алдыңкы балдар клиникаларында клиникалык тажрыйбасы бар, илимий изилдөөлөр менен алектенген жана студенттерди клиникалык жана илимий практикага активдүү тарткан жогорку квалификациялуу окутуучу-дарыгерлер эмгектенишет.

Биздин ишибиздин негизги принциптери — кесипкөйлүк, достук мамиле, жоопкерчилик, максатка умтулуу жана устаттык.

Кафедранын милдеттери:

  • педиатрия тармагындагы практикалык жана изилдөө ишмердүүлүгү, анын ичинде балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнүн физиологиясын жана кеңири таралган ооруларын изилдөө;
  • педиатриядагы заманбап диагностикалык технологиялардын жыйынтыктарын талдоо жана чечмелөө аркылуу балдарга диагноз коюу көндүмдөрүн калыптандыруу;
  • амбулатордук жана стационардык шарттарда шашылыш жана пландуу медициналык жардам көрсөтүү;
  • балдарды диспансерлөө, эмдөө, оорулардын алдын алуу жана реабилитация маселелери.

Кафедра жөнүндө жобо

Иш планы