- Деканат
- Деканат (6 жыл)
- Дипломдон кийинки билим берүү академиясы
- Жогорку окуу жайга чейинки жана кошумча медициналык билим берүү борбору “SkllUpAcademy”
- Кафедралар
- Гуманитардык жана табигый-илимий дисциплиналары
- Фундаменталдык дисциплиналар кафедрасы
- Макро жана Микроанатомия кафедрасы
- Коомдук саламаттык сактоо кафедрасы
- Патология бөлүмү
- Педиатрия, акушердик жана гинекология кафедрасы
- Атайын клиникалык дисциплиналар кафедрасы
- Атайын Хирургиялык дисциплиналар кафедрасы
- Терапия кафедрасы
- Хирургиялык оорулар кафедрасы
- Жугуштуу оорулар кафедрасы
- Симуляциялык окуу борбору
- Бөлүмдөр жана секторлор
- Клиникага чейинки жана клиникалык тажрыйба бөлүмү
- Студенттерди колдоо жана класстан тышкаркы иштер бөлүмү
- Билим берүү сектору
- Мониторинг жана сапат сектору
- Окуу-усулдук сектор
- Сапатты баалоо жана билимди көзөмөлдөө сектору
- Студенттик сектор
- Паспорттук-визалык сектор
- Эл аралык сектор
- Маалыматтык технологиялар жана санариптештирүү сектору
- Медициналык китепкана
- Психологиялык колдоо борбору
Декан (6 жыл жана ОКББ) Эл аралык медицина мектеби, Кыргызстандын Эл аралык университети
Исакова Айгүл Турсунбековна
Илимий даражасы: педагогика илимдеринин кандидаты
Илимий наамы: доцент
Байланыш
Дареги: 720082, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсү, 6, Чыгыш медициналык кампус,902-кабинет
Email: aigul.isakova@mail.ru
Деканаттын максаты
Деканаттын негизги максаты – окуу процессин натыйжалуу уюштуруу, илимий изилдөөлөрдү координациялоо жана клиникалык практиканы интеграциялоо аркылуу Эл аралык медицина мектебинин бардык иш багыттарынын сапаттуу иштешин жана стратегиялык өнүгүүсүн камсыз кылуу. Бул өз кезегинде калктын ден соолугун сактоо жана чыңдоо тармагында жогорку квалификациялуу, компетенттүү жана социалдык жоопкерчиликтүү адистерди даярдоого багытталган.
Деканаттын максаттары
- Окуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү
- Студенттерге академиялык колдоо көрсөтүү
- Алардын билим алуу жолун коштоп жүрүү
- Уюштуруучулук жана окуу маселелерин чечүүгө жардам берүү
- Келечектеги медициналык адистердин кесиптик жана жеке сапаттарын калыптандырууга көмөктөшүү
Деканаттын милдеттери:
- Окуу процессин уюштуруу: сабактардын расписаниесин түзүү, студенттердин катышуусун жана жетишкендиктерин көзөмөлдөө, экзамендик сессияларды уюштуруу
- Академиялык коштоо: окуу маселелери, которулуу, калыбына келүү, академиялык өргүү боюнча кеңеш берүү
- Студенттерди колдоо: жеке жана социалдык маселелерди чечүүгө жардам берүү, биринчи курстун студенттерин адаптациялоо, академиялык карыздардын алдын алуу
- Документтик иштер: справкаларды, мүнөздөмөлөрдү, практикага багыттамаларды даярдоо, студенттик документтерди жүргүзүүнү уюштуруу
- Окуудан тышкаркы ишмердүүлүк: студенттик демилгелерди, илимий ийримдерди, иш-чараларды, ыктыярчылыкты жана спорттук активдүүлүктү колдоо
- Тартипти көзөмөлдөө: ички эрежелерди сактоо, тартип бузууларга чара көрүү
- Маалымат берүү: студенттерге окуу жана уюштуруучулук маселелер боюнча маанилүү маалыматтарды өз убагында жеткирүү
- Окутуучулар жана ата-энелер менен кызматташуу: студенттердин ийгиликтүү окуусу жана жеке өнүгүүсү үчүн өз ара аракеттенүү
