Клиникалык практика борбору

Токмок шаарындагы Клиникалык практикалык борбор (КПБ)

КЭАУ” ОИӨКнын Эл аралык медицина мектебинин студенттик кампусунун студенттердин жашоосу үчүн зарыл заманбап инфратүзүмү жана шарттары бар. ЭАММдин жатаканасында муздак жана ысык суусу бар ванна алуучу бөлмөлөр, экиден туташтырылган керебеттер, окуу столдору, отургучтар, шкафтар, түтүн детекторлору, ошондой эле студенттер 24 сааттык электр кубаттуулугу, акысыз  Wi-Fi жана борбордук жылытуу системасы менен камсыздалган, 204 кенен жана ыңгайлуу бөлмөлөрү бар. Жатакананын 3 жолку ысык тамак менен камсыздалган  ашканасы бар.

Жатакананын туруктуу дарыгери менен шашылыш медициналык жардам пункту, машыгуу залы, студенттер сабагына тынч, кунт коюп көнүл буруп, даярдануучу окуу залы, жолугуулар жана дискуссиялар үчүн заманбап конференц-залы, крикет, мини футбол, волейбол жана теннис оюндары үчүн аянтчалары бар.

Жатакана күнү-түнү студенттердин коопсуздугун камсыздаган видео көзөмөл алдында.