Микро жана макроанатомия бөлүмү жөнүндө

Кафедра башчысы

Акматов Нурдан Амангельдиевич

Медицина илимдеринин кандидаты                   

Доцент

Байланышуу жолдору                                            
 
  •  Дареги: Л.Толстой к-сү, 100/1, 215- иш бөлмөсү.            
  • Эл. почтасы: anatomy@ism.iuk.kg
  • Телефону: :+996 (312) 53-37-01

Кафедра жөнүндө:

Биздин кафедрада сиз өзүңүздүн ынталуулук, көңүлдү топтоо, жогорку концентрация жана салкын кандуу чечимдерди кабыл алууга ийкемдүүлүк менен айкалышкан жеке сапаттарыңыз аркылуу келечектеги идеалдуу дарыгердин сүрөтүн түзгөн, жогорку сапаттуу билим ала аласыз.

Дарыгер кесиби – белгилүү бир иш-аракеттерди, көндүмдөрдү үйрөнүү жана билим алуу гана эмес. Бул – адамдын тагдырына берилген, анын жашоосундагы орду. Кафедра берген негизги билимди, сиз клиникада иштөөдө, илимий – изилдөө иштеринде колдоно аласыз.

Биз сиздердин бардык сыноолордон татыктуу өтүп, өз кесибиңиздин чыныгы адиси болууңузга тилектешпиз!

“Анатомия” кафедрасы 2020-жылдын 1-октябрында КЭББМ “КЭАУ” ОИӨКнын ректорунун № 124 буйругу  менен түзүлгөн.

2020-2021-окуу жылында чейин кафедранын милдеттерин “Фундаменталдык дисциплиналар”  кафедрасы жүзөгө ашырып келген.

Биздин кафедрада 1- жана 2- семестрлердин студенттери кадимки анатомия жана гистологияны окушат. 4- жана 5- семестрлердин студенттери клиникалык анатомияны жана гистологияны, ошондой эле топографиялык анатомияны окуйт. Сабактар ЭАММдин морфологиялык корпусунда өткөрүлөт. Кафедранын кызматкерлери жана студенттери эл аралык жана университеттер аралык симпозиумдардын, конференциялардын, конкурстардын ишине активдүү катышып келет.

Кафедра алдында коюлган милдеттер:

  • фундаментализмдин жана педагогикалык кадрлардын жогорку квалификациясынын айкалышынын негизинде сапаттуу кесиптик билим берүүнү камсыз кылуу;
  • терең теориялык билими бар жана жетиштүү профессионалдык көндүмдөрү бар квалификациялуу адистерди даярдоо;
  • окуу-практикалык сабактарды, студенттердин лабораториялык жана өз алдынча иштерин сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү;
  • жеке жана альтернативдик окутуу программаларын түзүү ж.б.
  • инсандын, коомдун жана мамлекеттин керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн билим берүү жана илим тармагына инновацияларды натыйжалуу киргизүүнү камсыз кылуу.