Окуу-усулдук ишмсердүүлүк

Окуу планы:

  • Чет элдик жарандар үчүн окуу планы (5 жыл) — 2025–2026 жж.
  • Чет элдик жарандар үчүн окуу планы (6 жыл) — 2025–2026 жж.
  • ОКББ МИ (Орто кесиптик билим берүү-медайымдык иш) окуу планы
  • Чет элдик жарандар үчүн окуу планы (5 жыл) — 2025 ж.
  • Чет элдик жарандар үчүн окуу планы (5 жыл) — 2024 ж.
  • Кыргыз Республикасы жана КМШ жарандары үчүн окуу планы (6 жыл) — 2024 ж.
  • Чет элдик жарандар үчүн окуу планы (5 жыл) — 2023 ж.
  • Кыргыз Республикасы жана КМШ жарандары үчүн окуу планы (6 жыл) — 2023 ж.

Ырааттуулук:

  • Сабактардын ырааттуулугу (6 жыл) 2025-2026-окуу жылына
  • Сабактардын ырааттуулугу (5 жыл) 2025-2026-окуу жылына
  • ОКББ МИ (Орто кесиптик билим берүү-медайымдык иш – 2) дисциплиналарынын ырааттуулугу 2025-2026-окуу жылына
  • ОКББ МИ (Орто кесиптик билим берүү-медайымдык иш) дисциплиналарынын ырааттуулугу 2025-2026-окуу жылына
  • Сабактардын ырааттуулугу (6 жыл) 2024-2025-окуу жылына
  • Сабактардын ырааттуулугу (5 жыл) 2024-2025-окуу жылына

Календардык графиктер 2025–2026 жж.:

2-курс, 4-семестр, II жарым жылдык

3-курс, 5-семестр, II жарым жылдык

4-курс, 7-семестр, II жарым жылдык

5-курс, 10-семестр, II жарым жылдык

Модулдук графиктер 2025–2026 жж.:

2-курс, 4-семестр, II жарым жылдык

3-курс, 5-семестр, II жарым жылдык

4-курс, 7-семестр, II жарым жылдык

5-курс, 10-семестр, II жарым жылдык

Дисциплиналар:

Дисциплинанын негизги максаты — ар кандай курактагы балдардын анатомиялык-физиологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө жана талдоо жүргүзүү, ошондой эле балдардын организминин бардык системаларынын жаш курагына жараша өсүү, өнүгүү жана калыптануу өзгөчөлүктөрүн үйрөнүү болуп саналат. Мындан тышкары, балдарды кароо, пальпация, перкуссия, аускультация жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү, ар кандай системалардын жана жалпы организмдин негизги жабыркоолорунун семиотикасы, диагностикасы, ошондой эле балдарды рационалдуу тамактандыруунун принциптери окутулат.

Семестр — 4, 5
Кредиттер — 6
Аудиториялык сааттар — 108 (36 саат лекция, 72 саат семинардык сабактар)
СӨАИ — 36 саат
СӨАИБ — 36 саат

Балдар ооруларынын пропедевтикасы боюнча ОМК

4-семестрдин силлабусу

5-семестрдин силлабусу

«Педиатрия» дисциплинасынын негизги максаты — балдардын организминин анатомиялык-физиологиялык өзгөчөлүктөрүн кайталоо, жаңы төрөлгөн ымыркай мезгилинен өспүрүм куракка чейинки балалык доордогу негизги ооруларды, алардын этиопатогенезин, клиникасын, инструменталдык жана лабораториялык диагностикасын, ошондой эле дифференциалдык диагностикасын изилдөө болуп саналат. Бул дисциплина кырдаалдык жана көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн негизинде студенттин клиникалык ой жүгүртүүсүн калыптандырат.

Семестр — 6
Кредиттер — 4
Аудиториялык сааттар — 72 (36 саат лекция, 36 саат семинардык сабактар)
СӨАИ — 24 саат
СӨАИБ — 24 саат

Педиатрия боюнча ОМК

Силлабус

Дисциплинанын негизги максаты — неонатологиядан баштап өспүрүм курактагы ооруларга чейин балалык курактын бардык мезгилдериндеги ооруларды изилдөө. Балдардын организминин өзгөчөлүктөрүн, оорулардын этиопатогенезин жана клиникалык өтүшүнүн өзгөчөлүктөрүн, лабораториялык жана инструменталдык диагностикасын, балалык курактагы оорулардын дифференциалдык диагностикасын, балдарды диспансердик жана амбулатордук көзөмөлдөөнү, ошондой эле балдарды иммундаштыруунун улуттук программасынын негизинде жугуштуу оорулардын алдын алууну үйрөнүү каралат.

Семестр — 10
Кредиттер — 6
Аудиториялык сааттар — 108 (54 саат лекция, 54 саат семинардык сабактар)
СӨАИ — 36 саат
СӨАИБ — 36 саат

Амбулатордук педиатрия боюнча ОМК

Силлабус

Поликлиникалык педиатрия — бул клиникалык медицинанын балдарга жана өспүрүмдөргө амбулатордук-поликлиникалык шарттарда жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен медициналык жардам көрсөтүүнү уюштурууну изилдеген тармагы. Бул жардам балдардын ден соолугуна үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзгөн саламаттык сактоонун баштапкы звеносунун адистери тарабынан көрсөтүлөт.

Бул милдеттерди аткаруу үчүн педиатр-дарыгерлер үй шартында ооруп жаткан балдарды дарылоону, өнөкөт оорулары бар балдарды медициналык реабилитациялоону, ошондой эле жугуштуу жана соматикалык оорулардын алдын алууну жүргүзүшөт. Поликлиника дарыгеринин ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп балдарга жана өспүрүмдөргө ооруканага чейинки шашылыш жардам көрсөтүү, ошондой эле мектепке чейинки балдар мекемелеринде, мектептерде, балдар үйлөрүндө жана адистештирилген балдар мекемелеринде санитардык-профилактикалык иштерди жүргүзүү саналат.

Семестр — 10
Кредиттер — 3
Аудиториялык сааттар — 54
СӨАИ — 18 саат
СӨАИБ — 18 саат

Поликлиникалык педиатрия боюнча ОМК

Силлабус