Башка медициналык окуу жайлардан которулганда студенттерди кабыл алуу

Урматтуу студенттер!

Тиешелүү билим берүү программасы бар башка медициналык ЖОЖдордун студенттери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар, которулуу учурунда тапшырууга тийиш болгон академиялык айырма жайкы жана кышкы каникул мезгилинде белгиленген чектен ашпаса, КЭАУ ЭАММге которулууга укуктуу.

Студентти башка медициналык окуу жайдан которууда керектүү документтер:

– тиешелүү визасы менен паспорттун көчүрмөсү;

– транскрипт / академиялык маалым кат;

– окуган жеринен маалым кат.

– Кыргыз Республикасынын толук орто билими же орто кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик документке эквиваленттүү билими тууралуу документтин түп нускасы (12 жылдык базалык орто билимин тастыктаган сертификаты);

— 3х4 көлөмүндөгү 10 даана фотосүрөт

– ректордун атына арыз