Ректор

Айдаралиев Асылбек Акматбекович медицина илимдеринин доктору профессор, КР УИАнын Академиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси

Кымбаттуу достор!

Кыргызстан эл аралык университетинин эл аралык медицина мектебине Кыргызстан эл аралык мектебинин эл аралык макамга ээ болгон университетинин карамагында иштеп жаткан Кыргызстан эл аралык университетинин эл аралык медицина мектебине кызыкдар болуп көңүл бургандыгыңыздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем.

Биз сиздер менен Кыргызстан эл аралык университетинин жогорку эл аралык медицина мектеби менен кызматташтыкта түзүлгөн бул мекеменин жаңы порталындабыз.

2017-жылдын январында Исламабад шаарында(Пакистан) болуп өткөн соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан Өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун жыйынтыгы боюнча ЭАММдин эшиги  ачык.

Биздин сайт, медициналык билим берүүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясы тарабынан таанылган жана эл аралык аккредитациясын алган  Эл аралык жогорку медициналык мектебинин сайты сыяктуу эле бир орунда турбастан, такай жаңыланып, өнүгүп турат.

Бул порталды иштеп чыгууда биз, аны колдонуучулар үчүн эң ыңгайлуу кылууга аракеттенебиз. Биздин сайтка медициналык мектеп тууралуу билгиси келгендер үчүн эң орчундуу маалыматтар жүктөлгөн.  Биздин «альма-матердин» түзүлүшү жана калыптанышы жана ошондой эле анын билим берүү жана илимдеги жетишкендиктери, болочок дарыгерлерди даярдоо жана тарбиялоосу тууралуу ар тараптуу маалыматтарды таба аласыздар.

Мен сиздерге медицинаны өзүңүздөрдүн келечектеги карьераңыздар катары кароону сунуштаар элем. Медицина – бул дарыгерлик кесип, адамдан чечкиндүүлүктү жана бир максатка умтулуп,  өмүр бою билим алуу зарылдыгын түшүнүүнү талап кылган, эң кадырлуу кесиптин бири.

Кыргызстан эл аралык университетинин Чыгыш медициналык кампусунда сунушталган билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланууга чакырам жана сиздерди биздин мектепке  тапшырат деп ишенем, анткени бул мектеп жаңы форматтагы заманбап талаптарга шайкеш келген дарыгерлердин жаңы муундарын даярдайт.

Эгер сиз өзүңүзду дал ушундай адам катары көргүңүз келсе, анда биз сизге жогорку квалификациялуу дарыгер болуп чыгууңузга көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Биздин мектепте сиздерди кесипкөй окутуучулар окутат.

Дарыгерлик кесип, медицинага байланышкан түрдүү тармактагы билимдерди интеграциялоого жөндөмдүүлүктү талап кылат, ошондуктан биздин интеграцияланган окутуу тутумубуз медицина тармагындагы зарыл болгон билимдерди алууга кепилдик бере алат.

Биз, сиздердин  бул мектепти аяктап, өз мекениңерге сиз каалагандай тажрыйбалуу дарыгер катарында барышыңыздарга терең ишенебиз.

Биз колубуздан келген бардык аракеттерибизди жумшап, сиздерге академиялык, жеке жана кесиптик колдоолорду көрсөтүп максаттарыңыздарга жетүүңүздөргө өбөлгө түзөбүз.

Асылбек Айдаралиев, Ректор