- Клиникага чейинки жана клиникалык тажрыйба бөлүмү
- Студенттерди колдоо жана класстан тышкаркы иштер бөлүмү
- Билим берүү сектору
- Мониторинг жана сапат сектору
- Окуу-усулдук сектор
- Сапатты баалоо жана билимди көзөмөлдөө сектору
- Студенттик сектор
- Паспорттук-визалык сектор
- Эл аралык сектор
- Маалыматтык технологиялар жана санариптештирүү сектору
- Медициналык китепкана
- Психологиялык колдоо борбору

Эл аралык сектордун башкы адиси
Толук аты-жөнү: Сыдыгалиева Мадина Догдурбековна
Дареги:
- 720082, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 7-апрель көч. 6, Чыгыш медициналык кампусу, 116-кабинет
- Email: info@ism.iuk.kg
Максаты:
Эл аралык сектордун негизги максаты билим берүү программаларынын сапатын жогорулатууга, илимий-изилдөө жана билим берүү потенциалын чыңдоого жана КЭАУ ЭАММ эл аралык кадыр-баркын жогорулатууга багытталган эл аралык кызматташтык программаларына КЭАУ ЭАММдин катышуусун уюштуруу жана координациялоо болуп саналат.
Милдеттери:
– профессордук-окутуучулар курамын эл аралык кызматташууга тартуу;;
-студенттер, аспиранттар, докторанттар, окутуучулар жана илимий кызматкерлер үчүн эки тараптуу жана көп тараптуу алмашуу программаларына катышуу;
– биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүү;
– КЭАУ ЭАММ кызматкерлеринин чет өлкөлөрдө стажировкасын уюштуруу;
– билим берүү чөйрөсүндө эл аралык келишимдерди (макулдашууларды) түзүү, ошондой эле илимий ишмердүүлүк боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана КЭАУ ЭАММ түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо;
– КЭАУ ЭАММ ишмердигинин бардык багыттарына (билим берүү, илимий ж.б.) эл аралык компоненттерди киргизүү
Документтер:
- Эл аралык сектор жөнүндө жобо
- ЭАС кызматкерлери үчүн иш сүрөттөмөлөрү
Эл аралык кызматташтык
Эл аралык кызматташтык чет элдик жарандарды окутууга, академиялык мобилдүүлүктү камсыздоого багытталган жана эл аралык деңгээлде профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатууну камсыз кылууга багытталган ЭАММдин ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Негизги милдети – ар кандай өлкөлөрдүн университеттери менен эл аралык байланыштарды түзүү, чет элдик студенттерге паспорттук жана визалык кызматтарын көрсөтүү жана документтерди кабыл алуу.
Билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүндөгү эл аралык мамилелердин өнүгүшү – бул өсүүнүн, билим жана тажрыйба менен алмашуунун ажырагыс фактору. Ушуга байланыштуу, ЭАММдин негизги функцияларынын бири – университеттин башка жогорку окуу жайлары жана илимий жана билим берүү борборлору менен эл аралык байланыштарынын, анын ичинде академиялык мобилдүүлүк программаларынын натыйжалуулугун жогорулатуу. Буларды эске алганда, кыска мөөнөттүн ичинде, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында дүйнөнүн алдыңкы 25 университеттери менен эл аралык келишимдерге кол коюлду.
КЭАУ ЭАММди түзүү тарыхы
Исламабад шаарында, соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-жыйынынын протоколуна кол коюлду, Кыргызстан эл аралык университетинин жана Рифа (Пакистан) эл аралык университетинин негизинде КПЭАМИИ (КПМИМН) түзүү сунушталды.
Жогорку билим берүү комиссиясы жана Пакистан медициналык жана стоматологиялык кеңеши тарабынан Кыргыз-пакистан эл аралык медициналык илимдер институтун биргелешип түзүү жана кош диплом программасын иштеп чыгуу максатында сунушталып, Рифа эл аралык университети (РЭАУ) менен кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
2018-ж. – Эл аралык медицина мектебин түзүү(ЭАММ), “Дарылоо иши” адистиги боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугуна лицензия ( № LD 180000058 лицензиясы, регистрациялоо номуру 18/0017). Пакистандын жана КРнын министрликтеринде жана ведомстволорунда институтту түзүү боюнча бардык маселелерди макулдашкандан кийин, ЭАММ кош диплом берүүчү КПЭАМИИге айландырылат.
2019-жылдын 13-декабрында Дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясынын Президенти профессор Дэвид Гордон расмий сапары менен Бишкек шаарына келип, анын алкагында “Борбордук Азия чөлкөмүндө медициналык билим берүүнү өнүктүрүүнүн келечеги” аттуу аймактык эл аралык жолугушуу болуп өттү. Бүткүл дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясы сунуштаган дүйнөлүк тренддерге жана стандарттарга ылайык Борбордук Азия чөлкөмүндөгү медициналык билим берүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги талкууланды.













