Ординатура

Ординатура медициналык кызматкерлердин жогорку кесиптик билим берүүсүнүн көп баскычтуу системасынын бир бөлүгү болуп саналат жана медициналык адистиктер боюнча бекитилген программага ылайык жогорку окуу жайларын бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдү тереңдетилген дипломдон кийинки даярдоону камсыз кылат.

Ординатура «КЭАУ» ЭАММдеги ординатура өз ишмердүүлүгүн университеттин түзүмдүк бөлүмү – «КЭАУ» ЭАММдин дипломдон кийинки медициналык билим берүү академиясында (ДКМББА) жүргүзөт.

Ординаторлорду окутууну «КЭАУ» ЭАММдин дипломдон кийинки билим берүүчү  медициналык академиясы (ДКМББА) төмөндөгүдөй багыттар боюнча жүргүзөт:

  • 050 Кардиология (кардиолог – дарыгер) – окуу мөөнөтү 3 жыл
  • 149 Эндокринология (эндокринолог – дарыгер) – окуу мөөнөтү 3 жыл
  • 128 Травматология жана ортопедия (травматолог жана ортопед дарыгер) – окуу мөөнөтү 3 жыл
  • 084 Коомдук саламаттыкты сактоо (коомдук саламаттыкты сактоо дарыгери) – окуу мөөнөтү 2жыл
  • 143 Хирургия (хирург дарыгер) – окуу мөөнөтү 3 жыл

«КЭАУ» ЭАММ ДКМББАнын ординатурасына кантип тапшыруу керек?

 «КЭАУ» ОМӨК КэББМдин ординатура программасы боюнча окууга жогорку кесиптик медициналык билим берүүчү окуу жайларды бүтүргөндөр, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарында практикалык иш жүргүзгөн дарыгерлер жана фармацевттер кабыл алынат.

Ординатурага тапшыруу үчүн негизги документтер болуп:

– ординатурага тапшыруучунун датасы коюлган өз арызы,

  • жогорку кесиптик билими тууралуу диплому;
  • интернатураны бүткөндүгү жөнүндөгү тастыктама;
  • кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча;
  • ординатордун каттоо баракчасы;
  • өмүр баяны;
  • 3х4 см. өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
  • Паспорт, аскердик билет жана эмгек китепчеси жеке өзү тарабынан көрсөтүлөт.

«КЭАУ» ЭАММдин ДКМББАсынын ординатурасына кабыл алуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы №106 токтомуна ылайык) жылына эки жолу жүргүзүлөт.

Чет өлкөлүк жарандар үчүн кабыл алуу кампаниясынын мөөнөттөрү: жайкы кабыл алуунун алкагында – 1-августтан 1-декабрга чейин; кышкы кабыл алуунун алкагында – 20-декабрдан 20-мартка чейин.

Кышкы мезгилде жүргүзүлүүчү кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алуудан кийин бош калган орундарга жүргүзүлөт.