Phd докторантурасы

561000 Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина

Документтерди кабыл алуу 1августтан 10-октябрга чейин жүргүзүлөт.

Тапшыруу сынагы (онлайн-баарлашуу режиминде)  20-сентябрдан 10-октябрга чейин. Кабыл алуу 10-октябрдан 20 октябрга чейин.

Изденип алуучу тиешелүү адистик боюнча магистр даражасына же адис дипломуна (5 жылдык окуу) ээ болушу керек.

Тапшыруу үчүн талап кылынуучу документтер:

  1. «КЭАУ» ОИӨК КэББМдин ректорунун наамына жазылган арыз
  2. Өздүгүн тастыктоочу паспорт же анын көчүрмөсү
  3. Диссертациянын алдын ала тематикасынын кыскача негиздемеси
  4. Болжолдонгон илимий консультанттын жазуу түрүндөгү макулдугу (эркин турдөгү)
  5. Электрондук түрдөгү анкета («КЭАУ» ОИӨК КэББМ формасы)
  6. Иш берүүчү жердеги кадрлар бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү
  7. Жогорку билим тууралуу бардык документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү
  8. 3,5×4,5 см өлчөмүндөгү төрт түстүү сүрөт
  9. 086-У формасындагы медициналык маалымкат (же ошондой сыяктуу)
  10. Илимий жана илимий-усулдук эмгектердин тизмеси (эгер бар болсо)

Окутуу төмөндөгүдөй этаптар боюнча иш жүзүнө ашырылат:

 Дисциплиналар (3-семестр)

  • Чет өлкөлүк илимий стажировка
  • Диссертациялык иштин темасы боюнча илимий изилдөө иштери
  • Илимий диссертациялык жактоо иштери (изилдөө)
  • Жыйынтыктоочу аттестация

Жыйынтыктоочу аттестация

Даярдалган илимий-изилдөө ишинин (диссертациянын) негизги жыйынтыктары боюнча илимий доклад сунушталгандан кийин университет корутунду чыгарат.

Окутуу белгиленген тартипте мамлекеттик үлгүдөгү философия доктору (PhD) диплому берилүү менен аяктайт.

Ph.D докторантурасында окутуу үчүн төлөмдөр:

  • «КЭАУ» ОИӨКнын кызматкерлери үчүн — 70 000,00 сом
  • Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн  — 100 000,00 сом
  • Россия Федерациясынын, Белорус Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Таджикистан Республикасынын  жарандары үчүн  — 2500,00  АКШ $
  • КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн — 3000,00 АКШ $
  • Азия өнүккөн өлкөлөрүнүн жарандары үчүн  — 3000,00 АКШ $
  • Европа, АКШ өнүккөн өлкөлөрүнүн жарандары үчүн — 3000,00 АКШ $