Квалификацияны жогорулатуу

Квалификациясын жогорулатуу – бул ишкананын жумушчуларынын квалификацияларын тынымсыз жогорулатуу жөнүндөгү талаптарына байланыштуу теориялык билим деңгээлдерин, тажрыйбалык көндүмдөрүн өркүндөтүү жана мекеме кызматкерлеринин билгичтигин жогорулатуу максатында  кесиптик окутуунун бир түрү.

Жумушчулардын квалификациясын жогорулатуу зарыл болгон учурларда гана жүргүзүлөт.

МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

Квалификациясын жогорулатуунун негизги милдети – жаңы ийгиликтерге жетишүү тармагында зарыл болгон маалыматтардын толук спектрин алууда адистердин муктаждыктарын канагаттандыруу жана ошондой эле кандайдыр бир профиль боюнча  чет өлкөлүк жана атамекендик  алдыңкы тажрыйбаларды алуу болуп саналат.

Мындан сырткары, артыкчылыктуу максаты – МББСтин ар кайсы кесиптердеги кызматкерлердин компетенттүү деңгээлин жана жумуш берүүчүнүн талаптарынын жогорулоо себетери боюнча адистердин тажрыйбалык-теориялык билимдерин жаңылоо.

Ошондой эле төмөндөгү максаттарга жетүү үчүн  окутуу өткөрүлөт:

  • Кызматкерлерди шыктандыруу. Кызматкер университеттин эсебинен билим алганда гана администрация ал жөнүндө кам көрүп жаткандыгын  сезет. Ошондуктан мекеменин кызматкеринин эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга умтулуусу пайда болот.
  • Өз кадрларын даярдоо. Бул КЭАУ ЭАММдин өндүрүштүк стратегиясы болуп саналат.

Кадрларды өнүктүрүү программасы