Инклюзивдик билим берүү

2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 КРнын “Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” (2017-жылдын 8-июнундагы № 100 акыркы редакциядагы) буйругуна, КРнын ченемдик-укуктук иш кагаздарына, КЭАУ ЭАММдин ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн окуу процессин уюштуруу жөнүндөгү жобосуна, “КЭАУ” ЭАММдин профессордук-окутуучулук курамынын, кызматкерлеринин, студенттеринин этикалык кодексине СБТ П-3.3.1-2021  ылайык, КЭАУ  ЭАММ ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген студенттерди кабыл алууну камсыздайт.

КЭАУ ЭАММдин кабыл алуу эрежелерине ылайык, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген    адам  ЭАММдин билим берүү программаларын өздөштүрүүгө   медициналык жана социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу боюнча     кабыл алынат.

Абитуриенттердин ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендиги же майыптуулугун тастыктаган документтерди кабыл алуу комиссиясына тапшыргандан кийин,  ЭАММ кирүү сынактарын тапшыруу үчүн университет тарабынан каралган  өзгөчө шарттарды түзүп, айрым жөлөкпулдарды карап берет. Зарыл болгон учурда же  ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдын арызы менен университет жеке окуу пландарын жана жеке окутуу графиктерин иштеп чыгат.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамды окутууну уюштуруу “КЭАУ” ЭАММдин ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн билим берүү процессин уюштуруу  жөнүндөгү СБТ-П-3.2.11. -2021. жобосунун негизинде жүргүзүлөт.

ЭАММде ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн окуу процессине  тоскоолдуксуз жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү камсыз кылган шарттар түзүлгөн (пандустар, кармагычтар, кеңейтилген эшиктер, лифттердин бар болушу). Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар,   ар кандай майыптыгы бар студенттер үчүн окуу процессинде окуу маалыматын жеткиликтүү түрдө кабыл алуу жана өткөрүп берүү үчүн адистештирилген техникалык каражаттар колдонула алат. Алар үчүн университет альтернативдүү форматтардагы басма каражаттарын (чоң шрифтте), жеткиликтүү түрдө маалыматты кабыл алуу жана өткөрүп берүүгө мүмкүнчүлүк берген, нозологиясына жараша,  электрондук окутуунун технакалык каражаттары менен камсыздайт