Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерди кабыл алуу

КЭАУ ЭАММдин эрежелерине ылайык, Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусуна менен, “Дарылоо иши” багыты боюнча университетте окууга каршы келе турган көрсөтмөсү жок, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кабыл алынат. Тапшыруу учурунда ДСМЧЖ(ЛОВЗ) КЭАУ ЭАММдин кирүү эрежелерине ылайык, комиссиянын корутундусу, жеке, анын ичинде ден-соолук жана купуялуулукка караштуу маалыматтарды иштетүүгө макулдук берилет.

 ДСМЧЖды(ЛОВЗ) окутуу университет тарабынан билим берүү программалары боюнча  психофизикалык өнүгүү өзгөчөлүктөрүн, жеке мүмкүнчүлүктөрүн жана окуучулардын ден-соолугунун абалын эске алуу менен, медициналык көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Ден-соолуктун психофизикалык өнүгүүсү жана ден-соолугунун абалын эске алып, ЭАММдеги     окутуу  ден-соолугу боюнча чектөөсү жок студенттер менен биргеликте “окутуунун интеграцияланган тайпаларында” жүргүзүлөт.

Зарыл болгон учурда, ДСМЧЖ (ЛОВЗ) үчүн университетте негизги билим берүү программасынын окуу жана байланыш көндүмдөрүнүн жекече бүзулууларын оңдоо, окуу программасын өздөштүрүүдө кесиптик жана социалдык көнүшүү үчүн өзгөрмө адистикке ыңгайлаштырылган тандоо боюнча дисциплиналар кирген ыңгайлаштырылган билим берүү программалары иштелип чыгууда.