Документтерди кабыл алуу

КЭАУнун ЭАММине тапшыруучу чет элдик жарандын  60%дан кем эмес упайлык рейтинги менен толук орто билими жөнүндөгү тастыктамасы, КРнын ББжИ министирлигинин толук орто билиминин эквиваленттүүлүгү жөнүндөгү тастыктоочу маалымдамасы бар болушу шарт.

Документтерди тапшыруу учурунда абитуриент төмөнкү документтерди толтурат:

  • Ректордун атына арыз.
  • Кирүү визасы бар паспортунун түп нускасы жана көчүрмөсү.
  • 60%дан кем эмес упайлык рейтинги менен толук орто билими жөнүндөгү тастыктамасынын түп нускасы жана көчүрмөсү.
  • КРнын ББжИ министирлигинин толук орто билиминин эквиваленттүүлүгү жөнүндөгү тастыктоочу маалымдамасы.
  • Абитуриеттин Кыргызстанда окуусуна каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугу жөнүндөгү медициналык тастыктама.
  • Ак фондо тартылган 11 сүрөт: 6 сүрөт 3*4; 4 сүрөт 3,5*4,5;  3,5*4,5 электрондук форматындагы 1 сүрөт .