Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫ

Ассоциация миссиясы:

Бүтүрүүчүлөрдү активдүү жана кызыкдар жамаатка бириктирүү жана бардык муундагы бүтүрүүчүлөрдүн корпоративдик рухун бекемдөө.

Ассоциациянын максаты:

Ассоцифция мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн коомдук пайдалуу, маданий, социалдык, маалыматтык жана кайрымдуулук максаттарга жетүү үчүн координациялоо, баалуулуктардын жана кызыкчылыктардын биримдигин калыптандыруу жана сактоо, КЭАУ ЭАММди ар тараптуу жаңылоого көмөктөшүү жана бүтүрүүчүлөрдүн байланышын бекемдөө.

Ассоциациянын милдеттери:

  • Бүтүрүүчүлөрдүн жана студенттердин кесиптик потенциалын ишке ашырууга өбөлгө түзүүчү ассоциация мүчөлөрүнүн маалымат алмашуусун жана ишмердүүлүгүн координациялоо.
  • Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын маалымат базасын үзгүлтүксүз жаңыртуу жана толуктоо
  • Студенттер менен бүтүрүүчүлөрдүн тажрыйба алмашуусуна жагымдуу шарттарды түзүү жана корпоративдик биримдикти бекемдөө.
  • КЭАУ ЭАММ бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын социалдык тармактарда аккаунтун түзүү, бүтүрүүчүлөрдүн тажрыйбасы, ийгиликтери жана жетишкендиктери менен бөлүшүү.
  • Бүтүрүүчүлөргө окууну аяктагандан кийин документтер боюнча жардам көрсөтүү үчүн расмий максатта жана байланыш маалыматы менен университет тарабынан жооптуу адамды милдеттүү түрдө дайындоо.
  • Бардык муундагы бүтүрүүчүлөрдүн өз ара баарлашуусу үчүн заманбап маалыматтык чөйрө аянтчаларын түзүү.
  • Студенттер менен бардык муундагы бүтүрүүчүлөрдүн арасында корпоративдик рухту бекемдөө, «КЭАУ» жамаатынын баалуулуктары менен кызыкчылыктарынын биримдигин сактоо.
  • Бүтүрүүчүлөрдүн бизнес-идеяларын жана долбоорлорун колдоо, жаш бренддерди өнүктүрүүгө жана алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүү.

Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы

Мааз Али
Байланыш телефону: +996502115221
E-mail: maazali284@gmail.com

Бүтүрүүчү-достор

Ассоциациянын төрагасы катары мен бардык КЭАУ ЭАММ бүтүрүүчүлөрүн ушул платформа аркылуу бизге кошулууга сыймык менен чакырам. Келгиле, альма-матер бизге сиңирген баалуулуктар аркылуу бириккен бүтүрүүчүлөр катары чогулалы.

Биздин ассоциациянын миссиясы түшүктүү. Байланыштарды чыңдоо, өсүүгө көмөк көрсөтүү жана коомго пайда алып келүү. Келгиле, жетишкендиктерди бирге белгилеп, билим менен бөлүшүп, дүйнөнү жакшы жакка өзгөртөлү.

Бул жолго түшүп жатып, КЭАУ ЭАММдин духун колдоп, ар бир жасап жаткан ишибиздеги ийгиликтерге умтулалы.

Сиздердин ишке берилгендигиңиздер үчүн ыракмат. Келгиле, альма-матер өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктана тургандай аракет кылалы. Бирге жаркын келечекти куралы.

Урматтоо менен, Др. Мааз Али!

Бүтүрүүчүлөр иш-чарасы

Бүтүрүүчү 2023

Бүтүрүүчү кече 2023

Бүтүрүүчү кече 2024

Бүтүрүүчү кече 2024

Бүтүрүүчү кече 2025

Биздин жетишкендиктер

Башланыштар Контакты

Биз кызматташууга жана инновациялык, кызыктуу долбоорлорго катышууга даярбыз!

Биз менен төмөндөгүдөй байланышсаңыз болот:

Адис – Касымбекова Гулиза

Дареги: 7-Апрель көчөсү 6, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы

E-mail: extracurricularoffice@gmail.com

Тел.: +996 (312) 53-36-68

 (https://www.facebook.com/ismiukeast?mibextid=ZbWKwL) FB-баракчасы аркылуу

 (https://instagram.com/ism_iuk_emc?igshid=YmMyMTA2M2Y=) Instagram баракчасы аркылуу;

https://www.instagram.com/ismiuk_alumniassociation?igsh=dXNna2FxdXQybHU4