Патология бөлүмү жөнүндө

Кафедра башчысы

Жаныбеков Илияс Жаныбекович

Старший преподаватель

Байланыштар:

  • Дареги: 720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Лев Толстой к-сү,100/1    
  • Телефону: +996 500 147 300
  • Email: iliiaszhanybekov@gmail.com

Кафедра жөнүндө:

Патология кафедрасы 2020-жылы октябрда түзүлгөн. Патология кафедрасы – КэББМ “КЭАУ” ОИӨКнын ЭАММнын медициналык факультетинин окуу, усулдук жана илимий-изилдөөчүлүк ишин жүргүзгөн окуу-илимий түзүмдүк бөлүмү.

Патология кафедрасында төмөнкү дисциплиналар окутулат: патологиялык анатомия, патологиялык физиология, соттук медицина, секциялык курсу. Патология кафедрасы Л. Толстой к-сү, №100 / 1. дареги боюнча, морфологиялык корпуста жайгашкан. Азыркы талаптарга ылайык, заманбап жабдуулар менен камсыздалган лабораториялар бар. Уникалдуу пластинирленген жана формалинделген макропрепараттар музейи бар.

Кафедранын алдына койгон милдеттери:

Клиникалык, усулдук, илимий-изилдөө ишмердүүлүгү. Кафедра студенттердин, аспиранттардын жана докторанттардын, клиникалык ординаторлордун, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана медицина илимдеринин мекемелеринин дарыгерлеринин жана илимий кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу циклин өткөрөт.

  • Терең теориялык билим жана зарыл болгон тажрыйбалык көндүмдөргө ээ болгон, жогорку билим берүүнүн жана кыргыз медицинасынын эң мыкты салттарында тарбияланган жогорку квалификациялуу дарыгер- адистерди даярдоо;
  • Кафедра жана клиниканын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу;
  • окуу процессинин, илимий- изилдөө жана клиникалык иштердин усулдук камсыздоо сапатын жогорулатуу;
  • окутуунун, ошондой эле медициналык изилдөө жана технологиялардын жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу ;
  • Дарылоо жана оорунун алдын алуу мекемелеринин жана саламаттыкты сактоо органдарынын персоналынын квалификациясын жогорулатуу муктаждыктарын канааттандыруу;
  • Дарылоо жана оорунун алдын алуу мекемелеринин жана саламаттыкты сактоо органдарынын дарыгерлерине консультациялык-диагностикалык жана усулдук жардам көрсөтүү;