Саламаттык сактоо уюмдарындагы жана аймактагы социалдык мекемелердеги тажрыйбалардын базасы

Студенттердин өндүрүштүк тажрыйбасы – жогорку медициналык билими бар адистерди даярдоодо окуу процессинин маанилүү бөлүгү.

«КЭАУ» ЭАММде өндүрүштүк тажрыйба жалпы тажрыйбадагы дарыгер – адисти даярдоо профилине ылайык келген саламаттык сактоо уюмдарында студенттердин теориялык билимдерди өздөштүрүүсүнө жараша этап-этабы менен (ырааттуу) жүргүзүлөт. Студенттер тажрыйбалык көндүмдөрдү пландуу жана максаттуу өздөштүрүшөт жана заманбап медициналык жабдуулар менен таанышышат, медициналык чөйрөдө өз алдынча кесиптик ишмердүүлүккө даярдыктар жүрүп жатат. Студенттердин тажрыйбасын жетектөө үчүн жооптуу, компетенттүү клиникалык окутуучулар дайындалат.

Тажрыйба базалары:

  • “Аманат” университеттик медициналык клиникасы.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдары

Илим-изилдөө институту:

  • КР ССМ Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илимий-изилдөө институту

Улуттук борборлор:

  • КР ССМ эне жана баланы коргоо улуттук борбору
  • КР ССМ улуттук госпиталы

Республикалык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдары:

  • КР ССМ республикалык психиатрия жана наркология борбору
  • КР ССМ Республикалык дерматовенерология борбору
  • КР ССМ Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору

Облустук деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдары:

  • Чүй облустук бириккен ооруканасы
  • Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасы

Райондук деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдары:

  • Жайыл районунун аймактык ооруканасы
  • Ысык-Ата райондук жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору
  • Токмок шаардык жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору
  • Камен районунун жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору
  • Балыкчы шаардык жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору

Шаардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдары:

  • Бишкек шаарындагы көп тармактуу № 2-клиникалык оорукана
  • Бишкек шаарындагы медициналык тез жардам клиникалык ооруканасы
  • Бишкек ш. шашылыш медицина борбору
  • Бишкек шаарындагы кургак учукка каршы оорукана
  • Бишкек шаарындагы № 1-төрөт үйү
  • Бишкек шаарынын перинаталдык борбору
  • Бишкек шаарындагы № 1-үй-бүлөлүк медицина борбору
  • Бишкек шаарындагы № 2-үй-бүлөлүк медицина борбору
  • Бишкек шаарындагы № 4-үй-бүлөлүк медицина борбору
  • Бишкек шаарындагы № 5-үй-бүлөлүк медицина борбору
  • Бишкек шаарындагы № 6-үй-бүлөлүк медицина борбору
  • Бишкек шаарындагы № 8- үй-бүлөлүк медицина борбору

Жеке медициналык клиникалар:

  • ЖЧК “Доктор Жороева” медициналык борбору
  • ЖЧК “ЦАДМИР “медициналык борбору
  • ЖЧК “Кудрет Көз Бишкек”

Социалдык стационардык мекемелер, калыбына келтирүү борборлору:

  • Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин улгайган адамдар жана майыптыгы бар адамдар үчүн “Үмүт үйү” социалдык стационардык мекемеси
  • Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин “АЯР” майыптыгы бар адамдар үчүн калыбына келтирүү борбору
  • Чүй облустук “Максат” жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн калыбына келтирүү борбору
  • Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси
  • Токмок № 2- психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси