Активдүүлүк

Жалпы максаттарга ылайык, ЭАММдин негизги максаттары катары студенттерге тарбиялоо берүүнүн төмөнкү багыттары кабыл алынды:

  1. Кесиптик эмгек тарбиясы
  2. Жарандык- патриоттук жана укуктук тарбия
  3. маданий-адептик тарбия
  4. Спорт жана ден- соолукту чыңдоо тарбиясы;
  5. Ата-энелер менен иштөө;
  6. Студенттик өз алдынча башкаруу.

Маданий-массалык иш-чаралар: Маданий иш-чаралардын максаты – чет элдик студенттердин жаңы социалдык чөйрөгө туура жана дени сак чөмүлүүсүнүн негизи катары, студенттердин бош убактысын, алардын эс алуусун уюштуруу, маданий деңгээлин жогорулатуу үчүн университетте жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген иш-чаралар тутумун камсыздоо. Маданий жана массалык иш-аракеттер: концерттер, улуттук бий жана ыр сынактарын, чыгармачылык сынактарды ​​(живопись, фото-сүрөт тартуу, поэзия, проза), тегерек стол отурумдарын, волонтердук ишмердүүлүктү, өнүгүү жана окутуу иш-чараларын, ж.б. өткөрүү жолу аркылуу жүргүзүлөт. Ар кандай иш-чараларга катышкан чет өлкөлүк студент өз талантын ачууга, окуу ишмердүүлүгүнөн алаксууга, өзүнүн чыгармачыл көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана, ошондой эле, окуудан тышкаркы жашоосунда өз ордун табууга мүмкүнчүлүк алат.

Чыгармачыл жетишкендиктер: “КЭАУ” ОИӨК ЭАММ билим берүү мекемесинин негизги милдети – келечектеги адистин эркин ой жүгүртүү инсандыгын өнүктүрүүнү камсыз кылуу. Келечектеги адис кесиптик даярдоо процессинде, чыгармачыл ишмердүүлүгүнүн натыйжасында өз мүмкүнчүлүктөрүн өз алдынча жүзөгө ашырышы керек. Чыгармачыл иш-аракеттер келечектеги адистин өз идеяларын ишке ашырылышына, интеллектуалдык жана адеп-ахлактык өнүгүүнү жаратууга багытталган,  өз идеяларын чагылдырууга өбөлгө түзгөн өз демилгеси менен иштөөчүлүгүнө, өзүн-өзү таануусуна салымын кошот.

Сүрөт тартуу – бул искусство,  сүрөт тартуу – бул чыгармачылык. Карантин учурунда биздин студенттер убакытты текке кетиришкен жок. Мисалы, биздин 4-семестрдин студенти Поршия Гупта бул убакытты өзүн-өзү өнүктүрүүгө жана сүрөт тартуу көндүмдөрүн жакшыртуу үчүн колдонуп жатат.

No post found