Чыгыш медициналык кампусу

2003-жылдан бери иштеп келе жаткан университеттин медициналык факультети (Эл ​​аралык медицина мектеби) советтик мектептин академиялык медицинасынын салттарына, окутуунун жана изилдөө ишмердигинин жаңы технологияларына негизделген. Университеттин медициналык факультети (Эл ​​аралык медицина мектеби) медициналык илим жана билим тармагында өз ишмердигинде олуттуу тажрыйба топтоду.

Учурда, “Кыргызстан эл аралык университети” Академиялык консорциумунун түзүмдүк бөлүмү болгон Эл аралык медицина мектеби, анын Чыгыш медициналык кампусун ээлейт.

Мектептин артыкчылыгы болуп, кызматкерлер жана студенттерди окутуу жана илимий ишмердүүлүк процессине максималдуу катышуусуна мүмкүндүк берген, кесиптик инновациялар чөйрөсүн түзүү саналат.

Эл аралык медицина мектебинин базасында дарылоочу адистерди даярдоочу “Дарылоо иши”  (“General medicine”) окутуу программасы жүзөгө ашырылууда, медицина багыттарынын кеңири чөйрөсү боюнча илимий иштер жүргүзүлүүдө. Өз клиникаларында жана аффилиирленген госпиталдарда республиканын калкына медициналык кызматтар көрсөтүлөт.

Кыргызстандан тышкары он эки өлкөдөн ашуун мамлекеттен келген студенттер окуган факультет, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген лицензияга ылайык иш жүргүзөт.

Учурдагы окуу программасы Европа өлкөлөрүндө жана Британ Шериктештигинде кабыл алынган медициналык билим берүү стандарттарына ылайык иштелип чыккан