Гуманитардык жана табигый-илимий дисциплиналар жөнүндө

Кафедра башчысы

Исакова Айгуль Турсунбековна

Педагогикалык илимдерини кандидаты

Доцент

Байланыштар 
  • Дареги: 7- апрель к-сү, 6, 120- иш бөлмөсү 
  • Эл. почтасы:
  • Телефону:

Кафедра жөнүндө:

 2020- жылдын 1- октябрында № 124 буйругунун негизинде түзүлгөн гуманитардык дисциплиналар кафедрасы, Кыргызстан эл аралык университетинин Эл аралык медицина мектебинин негизги түзүмдүк бөлүгү болуп саналат.  Илимий жана окутуучулук ишмердүүлүктө кафедранын бай тажрыйбасы бар. Мунун натыйжасында, “Дарылоо иши” багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун жогорку сапатын камсыз кылган биздин кафедранын ар дайым өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар. Кафедрада байланыш максатында жана кесиптик көндүмдөрго ээ болуу үчүн медициналык кызматкерлерге зарыл болгон англис, латын тилдери, медициналык биофизика ж.б. дисциплиналар боюнча окутуу жүргүзүлөт.

   

 Билим берүүнү тейлөө тармагында алдыңкы орундарды ээлөөгө мүмкүнчүлүк берген Гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын ишмердүүлүгүнүн масштабы, анын кызматкерлеринин илимий жана педагогикалык дарамети менен аныкталат. Гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары квалификациялуу медициналык кызматкерлерди даярдоо үчүн, өз сабактарын окутуунун заманбап ыкмаларын жана  технологияларын колдонуп өткөрүшөт.

Кафедранын алдына койгон максаттары:

  • институтунун бардык факультеттеринде кафедрага бекитилген дисциплиналарды окутуу тиешелүү Мамлекеттик билим берүү стандарттары, окуу пландары жана окутуу курстарынын программалары боюнча, бекитилген өлчөмдө жүргүзүлөт;
  • өзүнүн кесиптик денгээлин системалуу түрдө жогорулатуу;
  • билим берүү мазмунунун андан ары жаңылоо, окуу процессин илимий-усулдук камсыздоонун заманбап моделдерин  ишке ашыруу;
  • кафедранын бирдиктүү окуу-усулдук жабдууларын иштеп чыгуу;
  • студенттерде дүйнөлүк жана улуттук маданияттар тутумуна интеграциялоо үчүн зарыл болгон лингвистикалык жана маданий компетенттүүлүктү өнүктүрүү;
  • профессордук-окутуучулук курамдын илимий мүмкүнчүлүктөрүн жана педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу;
  • гуманитардык дисциплиналарды окутуунун заманбап ыкмаларынын учурдагы маселелерин изилдөө;
  • эл аралык, жождор жана кафедралар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү