Изилдөө иши

Илимий-изилдөө иши:

Илимий-изилдөө иштери (ИИИ), кафедранын профессордук – окутуучулук курамынын эң маанилүү иш-аракеттеринин бири. Кафедрадагы илимий ишти жүргүзүү- изилдөөдө жана билим берүү ишмердүүлүгүндө заманбап усулдук жана педагогикалык технологияларды жайылтуунун негизинде окуу – тарбиялык процессти үзгүлтүксүз өркүндөтүүнү камсыз кылат.

Гуманитардык дисциплиналар кафедрасында жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштеринин негизги милдеттери:

  • учурдагы илимий изилдөө жүргүзүү;
  • акыркы илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары менен билим берүү процессин байытуу;
  • кафедранын профессордук – окутуучулук курамынын илимий квалификациясын жогорулатуу;
  • окуу китептерин, окуу куралдарын, монографиялар, илимий макалалар жана докладдарды жазуу жана жарыялоо үчүн даярдоо;
  • илимий жана педагогикалык кадрларды даярдоо;
  • Студенттерди жана кафедранын профессордук – окутуучулук курамын илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү менен практикада тааныштыруу жана илимий изилдөө иштерин аткарууга тартуу.

Илимий – изилдөө планы

Студенттин илимий – изилдөө иши:

Студенттердин илимий-изилдөө иштери – илимий-техникалык жана маданий прогресстин жетишкендиктерин өзүнүн практикалык ишмердүүлүгүндө чыгармачылык менен колдонуу жөндөмдүүлүгү, жогорку кесиптик билими бар адистерди окутуунун жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун эң маанилүү каражаттарынын бири болуп саналат.

Студенттерди илимий – изилдөө иштерине тартуу – алардын чыгармачыл потенциалын учурдагы ИИИнин актуалдуу маселелерин чечүүгө колдонууга мүмкүндүк берет жана окуу процессин улантуу жана тереңдетүүнү гуманитардык дисциплиналар кафедрасында түздөн-түз уюштурууга болот.

Илимий- изилдөө иштеринин негизги милдеттери:

  • Студенттер тарабынан илимий таануу ыкмасы менен ???, окуу материалдарын терең жана чыгармачылык менен өздөштүрүү;
  • Илимий топтордо иштөө жөндөмүнө үйрөтүү, ИИИ уюмунун усулдары жана ыкмалары менен тааныштыруу;
  • Илимий маселелерди чечүү усулдарына жана илимий маселелерди өз алдынча чечүү каражаттарына үйрөтүү;

Студенттин илимий – изилдөө ишинин планы