Студенттик илимий кружокту түзүү максаттары:
Студенттик илимий кружок – илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү көндүмдөрүнө ээ болуу каалоосун билдирген жана бул ишмердүүлүктү окуу менен ийгиликтүү айкалыштырууга жетишкен, студенттердин ыктыярдуу уюму.
Студенттик илимий кружок – бул ЭАММдин студенттик илимий коомунун түзүмдүк бөлүмү.
Студенттик илимий кружоктун ишинин негизги милдеттери:
- студенттердин илимий чыгармачылыкка кызыгуусун жана муктаждыгын калыптандыруу;
- чыгармачыл ой жүгүртүүнү, илимий көзкарандысыздыкты өнүктүрүү, ички уюмдашууну жогорулатуу, окууга карата аң-сезимдүү мамилени өнүктүрүүнү, окуу процессинде алынган билимди тереңдетүү жана бекемдөө.
Студенттик илимий кружоктун милдеттери:
- студенттердин илимий конференцияларда, эң мыкты илимий иштеринин сынактарына, илимий семинарларга жигердүү катышуусун камсыз кылуу;
- студенттердин илимий чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттыруу, педиатрия, акушердик жана гинекология тармактарындагы илимий маселелерди өз алдынча чечүүнүн ыкмаларын жана жолдорун үйрөтүү;
- студенттерге өз алдынча илимий изилдөөнү жана илимий көйгөйлөрдү изилдөөнү жүргүзүү ыкмаларын жана көндүмдөрүн өздөштүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- студенттик илимий кружоктордун мүчөлөрүнүн ортосунда илимий ишти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашуу;
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрлар резервин эң жөндөмдүү, жигердүү жана ийгиликтүү студенттердин арасынан даярдоо;
- билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуудагы актуалдуу маселелерди чечүү үчүн эң шыктуу жана таланттуу студенттерди аныктоо, алардын чыгармачыл жана интеллектуалдык потенциалын колдонуу.