Коомдук саламаттык сактоо кафедрасы жөнүндө

Кафедра башчысы  

Садырбеков Кубатбек Каныбекович

Медицина илимдеринин кандидаты                   

Доценттин милдетин аткаруучу                         

Контакты:

  • Дареги: 7 апрель к-сү, 6, 205- иш бөлмөсү.
  • Email: public_health@ism.iuk.kg
  • Телефону:

Кафедра жөнүндө:

“КЭАУ” ОИӨКнын ректорунун 2020-жылдын 1-октябрындагы № 124 буйругуна ылайык, ишмердүүлүгүн кеңейтүү максатында, 2020-жылдын 1-октябрында “Коомдук саламаттыкты сактоо” кафедрасы түзүлгөн.

“Коомдук саламаттыкты сактоо” кафедрасы – студенттерди оорулардын алдын алуу, калктын жашоосун узартуу негиздерине, ден-соолукту сактоо жана чыңдоого окутуучу көп тармактуу кафедра болуп саналат.

Коомдук саламаттыкты сактоо – бул оорулардын алдын алуу, жашоону узартуу жана  сапатын жакшыртууну коомдун, уюмдардын (мамлекеттик жана жеке), коомчулуктун  ​​жана жеке жактардын аң-сезимдүүлүгүн жогорулатуу илими жана  өнөрү.

Коомдук саламаттыкты сактоо – бул эпидемиология, биостатика, коомдук саламаттыкты сактоо, коомдук илимдер жана саламаттык сактоо кызматтарын башкаруу сыяктуу маанилүү багыттар камтылган медицинанын багыты болуп саналат. Коомдук саламаттыкты сактоонун ошондой эле маанилүү тармагы болуп жалпы гигиена, айлана-чөйрөнүн гигиенасы, мамлекеттик саясат, психикалык ден -соолук, ден-соолукту сактоо жана чыңдоо боюнча маалымат ишмердүүлүгү, саламаттыкты сактоо саясаты, жүрүм турум соолугу, саламаттыкты сактоонун экономикасы, кесиптик патология жана майыптыктын алдын алуу, саламаттыкты сактоодогу гендердик маселелер, ошондой эле жыныстык жана репродуктивдүү ден соолукту сактоо болуп эсептелет.

Кафедранын алдына койгон милдеттери:

Башкаруунун негизги максаты – коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясаттын калыптанышы.

  • Кыргыз Республикасынын калкынын жугуштуу жана социалдык жактан маанилүү инфекциялык эмес ооруларынын алдын алуу үчүн мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу;
  • Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жана контролду өткөрүү аркылуу адамга жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун тийгизген зыяндуу таасирлеринин алдын алуу чараларын координациялоо жана көзөмөлдөө;
  • Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын чыңдоо боюнча тармактар ​​аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу.