Тамак-аш жана жатакана

ISM-IUK Эл аралык медицина мектебинин профилактория жатаканасы Бишкек ш., 7-апрель көчөсү, 6 дареги боюнча жайгашкан. Кампус жатаканадан 5 мүнөттүк жол аралыгында жайгашкан, окуу мезгилинде чет элдик студенттерди жайгаштыруучу 800 орундуу, 5 кабаттуу имарат.

Жогорку медицина мектеби чет элдик студенттер мүмкүн болушунча батыраак жаңы шарттарга көнүп, толугу менен окуу процессине көңүл бөлүүсүнө, өзүнүн илимий жана чыгармачыл жөндөмдүүлүгүн ар тараптуу өнүктүрүүсүнө бардык күч аракетин жумшайт, ошондуктан аларга коопсуз жана эң ыңгайлуу жашоо шарттарын камсыз кылат.

Жатаканадагы студенттердин социалдык турмуш тиричилик шарттары  «Educational Advisors» кампаниясынын расмий өкүлдөрүнүн жана ЭАММдин тарбия иштери боюнча деканынын орун басарынын үзгүлтүксүз көзөмөлү алдында турат. Студенттерди бөлмөлөр боюнча жайгаштыруу учурунда, студенттердин бардык каалоолору эске алынат.

Ар бир бөлмөдө 2ден 3кө чейин студенттер жайгаша алат, ар бир бөлмөдө чайынмалар бар, ошондой эле көзөмөлдөө камералары жана коопсуздук кызматы бар.

Ошондой эле, класстан тышкаркы сабактар үчүн чоң оюн аянтчасы каралган.

Ошондой эле, профилактория жатаканасында студенттер үчүн 3 жолку ысык тамагы менен ашканасы бар.