Башка медициналык ЖОЖдордон которулганда студенттерди кабыл алуу

Башка медицина университеттеринин студенттери болгон чет өлкөлүк жарандар КЭАУнун ЭАММине которуулууга  тапшырылуучу академиялык айырмасы коюлган чектөөлөрдөн ашпаган шартта мүмкүн.

Чет өлкөлүк жарандардын чет мамлекеттердин медициналык университеттеринен которулуусу, билим берүү программалары шайкеш келген шартта мүмкүн.

Студентти башка медициналык окуу жайдан которуу мүмкүнчүлүгүн баалоо үчүн, төмөнкү документтерди милдеттүү түрдө камсыз кылышы керек:

– тиешелүү виза менен паспорттун көчүрмөсү,

– транскрипт.

– окуган жеринен маалымдама.

Академиялык айырма КЭАУнун ЭАММдин окуу-усулдук бөлүмү тарабынан тиешелүү маалымдама берүү менен аныкталып,  которулуу мүмкүнчүлүгү КЭАУнун ЭАММдин ректору тарабынан бекитилет.

Которулуу мүмкүнчүлүгүн алган учурда, КЭАУ ЭАММдин ОУКсы тиешелүү визаны алууга зарыл документтерди оформить этүү жана чет элдик жарандардын келүүсү уюштурулат.

КЭАУ ЭАММге келүү фактысы боюнча чет элдик студент төмөнкү документтерди бериши керек:

– тиешелүү баштапкы кирүү визасы бар паспорт,

– академиялык маалымдама,

– Кыргыз Республикасынын толук орто билими же орто кесиптик билим берүү боюнча мамлекеттик документине эквиваленттүү билими жөнүндөгү документтин түпнускасы (12 жылдык базалык орто билим берүү тастыктамасы),

– 3 × 4 көлөмүндөгү 10 сүрөт

– арыз