Миссия

Эл аралык медицина мектебинин миссиясы

Медицина тармагындагы медициналык этиканын эл аралык стандарттарына жана салттарына шайкеш келген, калктын ден – соолук көйгөйлөрүн чечүү үчүн илимдин жана тажрыйбанын заманбап жетишкендиктерин пайдаланып, үзгүлтүксүз кесиптик өсүүгө даяр  медицина жаатындагы компетенттүү адистерди даярдоо.

Таанылуусу

Билимин, билгичтигин, көндүмдөрүн дүйнөнүн бардык бурчтарында ийгиликтүү колдоно билген жана кыймылдуу чөйрө шарттарында өзүнүн кесиптик сапаттарын көрсөтө алган ар тараптуу инсанды өнүктүрүү.

Максаты

КЭАУнун ЭАММинин артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, ЖОЖдун билим берүү, илимий жана клиникалык ишмердүүлүгүнүн сапаттуулугуна жетишүү, эл аралык илимий жана билим берүү мейкиндигиндеги академиялык беделин жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу.

Билим берүү сапатын камсыздоо саясаты

Улуттук жана эл аралык базарларда билим берүү жана илимий- изилдөө кызматтарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, университеттин ишмердүүлүгүн андан ары өнүктүрүүгө жана билим берүү, изилдөө кызматынын ишин андан ары өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган.