Биз тууралуу

Медициналык-биологиялык илимдердин өнүгүшү илим менен медициналык билим берүү жана анын симбиозун стимулдайт, демек, сапатын, натыйжалуулугун аныктоо менен окуу программаларын калыптандырат.

Бүгүнкү күндө жогорку конкуренттүү дүйнөдөгү ийгиликтеррге жетишүү үчүн эң жакшы жождордун дипломдору гана талап кылынаарын билишибиз маанилүү. Бирок, мындан 20 жыл мурда “медициналык  билим берүү” бүтүндөй АКШ жана Батыш Европага тараган болсо, бүгүнкү ааламдашууга байланыштуу кырдаал тездик менен өзгөрүүдө. Улуттук жана эл аралык күчтөрдүн биригүүсү медициналык билим берүүнү бүткүл дүйнөдө онүктүрүүгө жана эң маанилүү болгон адам ишмердүүлүгүнүн өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.   

Эл аралык Медицина мектеби(ЭАММ) 2017-жылы «Кыргызстан эл аралык» университетинин Академиялык консорциуму болуп, Кыргыз-Пакистан Өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтыгынын      3-отурумунун чечимине ылайык түзүлгөн.

«Дарылоо иши» боюнча билим берүү программасы ЭАММде Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген эксперименталдык окуу планы жана Пакистан Исламдык Республикасында жана Британ кызматташтыгынын бир катар өлкөлөрүндө, ошондой эле Европа биримдигинде аккредитациядан өткөн  университеттердин стандарттарынын негизинде 2018-жылдан бери иш жүзүнө ашырылып келет.

Бүгүнкү күндө  ЭАММ – бул биздин студенттерге жана окутуучуларга жашоону өзгөртүүгө жана биздин ааламдашуу коомубузга кызмат кылууга шыктандырууга мүмкүнчүлүк берген, өз алдынчалыкты жана кесипкөйлүктү камсыздоочу, жаңы шаймандар менен жабдылган, ыңгайлуу  билим берүү программасы бар өнүккөн инфратүзүмдүү заманбап жана инновациялык мекеме.