- Студенттик уюмдар (5 жыл)
- Студенттик уюмдар (6 жыл)
- Паспорттук-визалык суроолор (5 жыл)
- Паспорттук-визалык суроолор (6 жыл)
- Ресурстук борбор
- Жүгүртмө
- Академиялык календарь (5 жыл)
- Академиялык календарь (6 жыл)
- Документтер
- Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация
- Мыкты студенттердин рейтинги (5 жыл)
- Мыкты студенттердин рейтинги (6 жыл)
- Инклюзивдик билим берүү
- Ишеним кутусу
- Медпункт
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (ММК)
- Пайдалуу шилтемелер
Медайым медпунктта
Камбарова Бактыгуль Уметовна
Дарек: 720082
Кыргыз Республикасы
Бишкек шаары
7-Апрель көч., 6А
Чыгыш медициналык кампусу
Кабинет: 119
Медициналык пункт:
КЭАУ ЭАММдин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Медициналык пунктун түзүмдүк жана штаттык санын университеттин ректору бекитет. Медпункт өз ишинде Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагындагы мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн, университеттин уставын жана университеттин ректорунун буйруктарын жетекчиликке алат.
Медпункттун максаттары жана маселелери:
- Баштапкы медициналык жардамды, анын ичинде, шашылыш, жаракат алган учурларда, курч оору жана уулануу учурларында жардам көрсөтүү;
- өзгөчө кырдаал учурларында тез медициналык жардам тобун чакыруу;
- алдын алуучу жана ден-соолукту чыңдоочу иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- студенттер жана университеттин башка кызматкерлеринин арасында санитардык жактан сабатын жогорулатуу.
Медпункттун аткарган кызматы:
- медициналык ишмердүүлүктү жүргүзүү лицензиясына ылайык, терапия боюнча амбулатордук-поликлиникалык баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө дарылоо жана алдын алуу иш-чараларын аткаруу;
- саламаттыкты сактоо уюмдары менен биргеликте университеттин студенттерин диспансерлөө жана мезгил-мезгили менен алдын алуу текшерүүлөрүн жүргүзүүнү камсыздайт;
- санитардык-гигиеналык агартуу, анын ичинде жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- ден-соолукту сактоо жана чыңдоо, анын ичинде тамактануу эрежелерин оңдоп-түзөөнү, кыймыл активдүүлүгү, дене тарбия жана спорт менен машыгуу, окуу жана эс алуу боюнча кеңеш берүүнү жүргүзөт;
- медициналык бөлмөдө инфекциялык көзөмөлдүн талаптарын сактоону камсыз кылат;
- санэпидстанциянын адистери менен биргеликте эпидемияларга каршы иш-чараларды жүргүзөт, аудитория, чарба жайларын жана университеттин аймагын санитардык жактан тейлөөнү ишке ашырат;
- медпункт студенттерди жана окутуучуларды өзүнө-өзү же бири-бирине жардам берүү окуусун уюштурат жана жүргүзөт, социалдык жана эмгекти коргоо маселелери боюнча комиссиянын ишине катышат;
- белгиленген формада каттоо-отчеттук иш-кагаздарын жүргүзөт.
Жоболор:
Иш убактысы:
Дүйшөмбү – 8:30дөн 16:00гө чейин
Шейшемби – 8:30дөн 16:00гө чейин
Шаршемби – 8:30дөн 16:00гө чейин
Бейшемби – 8:30дөн 16:00гө чейин
Жума – 8:30дөн 16:00гө чейин
Байланыш маалыматы:
- 0312 533668
- +996 507 103 000
- +996 708 091 002
Электрондук почта:
FIRSTAIDPOSTISMIUK
firstaidpost0@gmail.com
