Класстар жана лабораториялар

Факультеттеги билим берүү ишмердүүлүгү саламаттыкты сактоонун бүткүл дүйнөлүк уюмунун билим берүү стандартына жана окуу программаларынын талаптарына ылайык иштелип чыккан прогамма боюнча өткөрүлөт. Окуу процессинде инновациялык ыкмалар жана окутуу каражаттары болгон көйгөйлүү жана комплекстүү дарстар, далилдүү медицина, интерактивдүү окутуу, видео жана мультимедиялык каражаттар кеңири колдонулат.

Тажрыйбалык көндүмдөргө ээ болуу жана аны үзгүлтүксүз өркүндөтүү  үчүн зарыл шарт болуп, окуу муляждары, таблицалар, медициналык жабдуулар ж.б. менен камсыздалган клиникага чейинки тажрыйба бөлмөлөрү эсептелет. Лабораторияларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо эл аралык стандарттарга жооп берет жана тастыкталган.

Институтта заманбап медициналык жана илимий басылмалары бар китепкана иштейт.

  • Жалпы хирургия
  • Балдар хирургиясы
  • Урология
  • Хирургия
  • Оперативдүү хирургия
  • Травмотология