Изилдөө иши

Илимий- изилдөө иштери:

«Педиатрия, акушердик жана гинекология» кафедрасынын илимий-изилдөө иштеринин ишмердүүлүгүнүн негизги максаты – жаш окумуштуулар жана адистердин кесиптик өсүүсүнө жана коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жардам көрсөтүү, университет үчүн артыкчылыктуу маселелерин чечүүдөгү аракеттерин чыңдоо жана илимий маселеринин тар адистиги, жаш окумуштуулар жана адистердин инновациялык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, жаш окумуштуулар жана адистердин  күчү менен илимдин жетишкендиктерин эффективдүү жайылтуу, жаштарды илимий изилдөөчүлүккө тартуу, ошондой эле жаш окумуштуулардын кызыкчылыктарын коргоо.

Акыркы учурда медициналык илимдин көрүнүшү сапаттуу өзгөрдү. Көптөгөн ооруларды аныктоо жана дарылоодо жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Жаңы муундун дарыгери илимдин заманбап жетишкендиктерин өздөштүрө алышы керек.

Баштапкы курстардан баштап, медициналык факультеттин студенттери изилдөө иштерине катышышат, студенттик илимий коом менен алектенишет. Бул студенттерди илимий адабият менен иштөө жөндөмүн өркүндөтөт, талкуу жүргүзүү, илимий издөө методологиясы менен тааныштырат. Студенттердин карамагында дүйнөлүк медициналык адабиятка жетүүнү камсыз кылган маалыматтык тутумдар бар.

Илимий ишмердүүлүктүн натыйжасы, студенттердин жождор аралык илимий  конференцияларына катышуусу, алдыңкы медициналык журналдарда жарыяланган макалалары.

Акушер-гинекологдордун жана педиатрлардын илимий-изилдөө иштери

Студенттин илимий-изилдөө иштеринин планы