Класстар жана лабораториялар

Окуу аудиторияларынын жана тематикалык бөлмөлөрдүн заманбап жабдуулары – кесиптик билим берүү тармагын кескин түрдө жаңылантып, келечектеги адистердин интеллектуалдык өнүгүүсүнө кошкон салымы болуп саналат. Бөлмөлөр үчүн стенддерди, плакаттарды жана башка материалдарды  даярдоого түрдүү маалыматтарды жеңил кабыл ала турган, ар түрдүү шарттарда иштеп, инновациялык өсүүгө умтулган кадрлар жардам берет. Тематикалык бөлмөлөрдүн туура жасалышы – ийгиликтүү педагогикалык процесстин негиздеринин бири. Жакшы жасалган жана жабдылган бөлмө студенттерди жемиштүү ишке уюштуруп, окутуучуну бүтүндөй ишеним сезими менен  таасирлүү эмгектенүүгө  жардам берет.

Заманбап окуу – тарбиялык процессти натыйжалуу уюштуруунун маанилүү шарты болуп, гуманитардык сабактардын тематикалык бөлмөлөрү саналат. Алар, негизинен, окутуучунун жана студенттин эмгек натыйжалуулугун аныктап, студенттердин инсандык маданиятын калыптандырууда маанилүү ролду ойнойт, окуу – тарбиялык процесстин маалыматтык колдоосунун  эффективдүүлүгүн көрсөтөт, тарбиялык таасир берет. Ошондой эле, студенттердин көндүмдөрүн, чеберчилигин өркүндөтүп, кругозорун кеңейтүүтүүгө жардам берет.