- Гуманитардык жана табигый-илимий дисциплиналар кафедрасы
- Фундаментальных дисциплиналар кафедрасы
- Макро и микроанатомия кафедрасы
- Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасы
- Патология кафедрасы
- Педиатрия, акушердик жана гинекология кафедрасы
- Педиатрия кафедрасы
- Атайын клиникалык дисциплиналар кафедрасы
- Атайын хирургических дисциплиналар кафедрасы
- Терапия кафедрасы
- Хирургиялык оорулар кафедрасы
- Жугуштуу оорулар кафедрасы
- Медайымдык иш бөлүмү
Илимий-изилдөө иши:
Илимий-изилдөө иши (ИИИ) кафедра окутуучуларынын жашоосунда маанилүү орунду ээлейт. Ал билим берүү процессинде заманбап изилдөөлөрдү жүргүзүү жана колдонуу аркылуу окуу-тарбия ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.
Илимий-изилдөө иштеринин негизги максаттары:
- замандын талабына жооп берген актуалдуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- акыркы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын билим берүү процессине интеграциялоо;
- кафедранын окутуучулар курамынын илимий квалификациясын жогорулатуу;
- окуу материалдарын, монографияларды, илимий макалаларды жана баяндамаларды даярдоо жана басып чыгарууга сунуштоо;
- илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
- студенттерди жана окутуучуларды илимий изилдөөлөргө практикалык жактан тартуу жана алардын активдүү катышуусун камсыз кылуу.
Студенттин илимий-изилдөө иши
Студенттердин илимий-изилдөө иши (СИИИ) келечектеги адистерди сапаттуу даярдоодо жана билим берүүдөгү окуу-изилдөө концепциясын ишке ашырууда маанилүү орунду ээлейт. Негизги билимдерден тышкары, студенттер окуу процессинде алардын чыгармачыл ой жүгүртүүсүн жана өз алдынчалуулугун өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү ар түрдүү көндүмдөргө ээ болушат.
Студенттерди илимий-изилдөө иштерине кызыктыруу максатында алар жыл сайын өткөрүлүүчү конференцияларга, семинарларга жана олимпиадаларга активдүү катышууга тартылышат. СИИИге активдүү катышкан мыкты студенттер ыраазычылык каттар, сертификаттар же акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.
Студенттердин илимий-изилдөө иштеринин негизги максаттары:
-
илимий изилдөө жүргүзүү көндүмдөрүнө ээ болуу, окуу материалдарын терең жана чыгармачылык менен өздөштүрүү;
-
илимий жана техникалык маселелерди өз алдынча чечүүнүн ыкмаларын жана каражаттарын үйрөнүү, ошондой эле илимий жамааттарда иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү жана алардын уюштуруу ыкмалары менен таанышуу;
-
студенттерде илимий жыйынтыктарды сапаттуу тариздөө жана сунуштай билүү жөндөмүн калыптандыруу.


















