Эл аралык Медицина мектебинин деканаты
Азимова Гульмира Равшанбековна
Ученая степень: PhD
Ученое звание: и.о. доцента
- Байланыш маалыматы
- deans_office@ism.iuk.kg
- 0 (312) 53 36 68 / 0(312)531664
- 7 апрель к-сү 6, Чыгыш медициналык кампусу
Деканаттын максаттары:
- медицина тармагында эл аралык стандарттарга жана талаптарга жооп берген жогорку сапаттагы билим алууга кепилдик берүү;
- академиялык жана административдик маселелер боюнча бардык зарыл колдоо көрсөтүү;
- студенттердин кесиптик өнүгүүсү жана тажрыйбалык билим алуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;
- студенттер менен деканат кызматкерлеринин ортосундагы маданияттар аралык түшүнүшүүнү жана өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу.
Деканаттын милдеттери:
- Чет өлкөлүк студенттерди көнүктүрүү: жаңы студенттерге Кыргызстанда жашоо жана окууга көнүгүүгө жардам берүү, анын ичинде турак жай менен камсыздоого жардам берүү, университеттин маданияты жана эрежелери менен тааныштыруу;
- Окутууну коштоо: чет өлкөлүк студенттердин окуу процессин уюштуруу жана координациялоо, анын ичинде сабакка катышууну көзөмөлдөө, студенттерге окуу процесси боюнча кеңеш берүү, окуу ишин, курстарды жана дисциплиналарды тандоону пландаштыруу ж. б.;
- Билим берүүнү колдоо: англис тилинде медициналык билимдерди өздөштүрүүдө чет өлкөлүк студенттерге колдоо көрсөтүү боюнча иш – чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- Кеңеш берүү жана колдоо: чет өлкөлүк студенттерге кураторлор тарабынан окуу, көнүгүү, ден соолукка байланыштуу ар кандай маселелер боюнча кеңеш берүү.;
- Иш-чараларды уюштуруу: чет өлкөлүк студенттерди университет коомчулугуна жана жергиликтүү коомго интеграциялоо үчүн маданий, билим берүү жана социалдык иш-чараларды өткөрүү;
- Окууну аяктагандан кийинки колдоо: билим берүүнү улантууга жардам бере турган керектүү документтерди берүү, ошондой эле бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы аркылуу алар менен байланышуу.