















Кайсыл гана мамлекет болбосун спорт жана дене тарбиясы тууралуу кам көрүү негизги милдети болуп саналат
Мында адам баласы өз мүмкунчүлуктөрүнун чегин кеңейтүүгө умтулат, бул жетишкендиктер жана ийгиликсиздиктердин аркасында жаралган сезимдердин кең дүйнөсү, таанымал көрүнүш, адамды жана өзүн-өзү тарбиялоонун натыйжалуу каражаты, мында адамдар ортосундагы мамилелердин татаал процесси камтылат. Ден соолук жаш адамдын гармониялык өсүшү гана үчүн эмес, кесибин ийгиликтүү өздөштүрүүнүн, кесиптик ишмердүүлүгүнүн жемиштүүлүгүнүн, анын жашоо-турмуш тиричилигинин жыргалчылыгын түзүүчү жана эң жогорку ийгиликтерге жетүү мүмкүнчүлуктөрүнүн жыйынтыгын берүүчү жетектөөчү фактор катары кызмат кылат.
Жождордогу дене тарбиясынын негизги максаты гармониялык жактан өнүккөн, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо болуп саналат.
ЭАММдеги дене тарбия сабагы т өмөндөгү маселерди чечүүнү көздөйт:
- студенттердин моралдык, эрктик жана дене күчтүүлүк сапатына, ошондой эле жогорку өндүрүмдүү эмгекке даяр болууга тарбиялоо;
- студенттердин ден соолугун чыңдоо жана сактоо, организмдеринин туура калыптанышына жана ар тараптуу өнүгүүсүнө жардам көргөзүү, окутуу мезгили аяктаганга чейин жогорку эмгекке жөндомдүүлүгун колдоого алуу;
- студенттерди дене тарбиялык жактан ар тарптуу даярдоо;
- студенттерди алардын келечектеги эмгек ишмердүүлүктөрүн эске алуу менен кесиптик-прикладдык дене тарбиялык даярдоо;
- студенттердин дене тарбиясын жана спорттук машыгууларды уюштуруу ымалары жана теориялары боюнча зарыл болгон билимдерге ээ болууга, калыстар, машыктыруучулар, коомдук нускоочулар катары иш алып баруу ишмердигине даярдоо;
- спортчу-студенттердин спорттук чеберчиликтерин өркүндөтүү;
- дене тарбиясы жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тарбиялоонун зарылдыгын студенттерге ынандыруу;