- Гуманитардык жана табигый-илимий дисциплиналар кафедрасы
- Фундаментальных дисциплиналар кафедрасы
- Макро и микроанатомия кафедрасы
- Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасы
- Патология кафедрасы
- Педиатрия, акушердик жана гинекология кафедрасы
- Атайын клиникалык дисциплиналар кафедрасы
- Атайын хирургических дисциплиналар кафедрасы
- Терапия кафедрасы
- Хирургиялык оорулар кафедрасы
- Жугуштуу оорулар кафедрасы
Илимий-изилдөө иштери:
Илимий-изилдөө иштери (ИИИ) кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын ишмердүүлүгүнүн маанилүү түрлөрүнүн бири болуп саналат. Кафедрада илимий иштерди жүргүзүү изилдөөлөрдүн негизинде окуу-тьарбиялык процессин үзгүлтүксүз өркүндөтүүнү жана билим берүү ишмердүүлүгүнө заманбап ыкмаларды жана педагогикалык технологияларды киргизүүнү камсыз кылат.
Гуманитардык дисциплиналар кафедрасында жүргүзүлүп жаткан илимий-изилдөө иштеринин негизги милдеттери:
- Актуалдуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү
- Окуу процессин акыркы илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары менен байытуу
- Кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын илимий квалификациясын жогорулатуу
- Окуу китептерин, окуу куралдарын, монографияларды, илимий макалаларды жана докладдарды жазуу жана басып чыгарууга даярдоо
- Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо
- Кафедранын студенттерин жана профессордук-окутуучулук курамын илимий изилдөөлөрдү коюу менен тажрыйбалык тааныштыруу жана аларды илимий-изилдөө иштерин аткарууга тартуу
Студенттин илимий-изилдөө иши:
Студенттердин илимий-изилдөө иштери илимий-техникалык жана маданий прогресстин жетишкендиктерин тажрыйбалык ишмердүүлүктөрдө чыгармачылык менен колдоно ала турган жогорку кесиптик билими бар адистерди даярдоонун жана тарбиялоонун сапатын жогорулатуунун маанилүү каражаттарынын бири болуп саналат.
Студенттерди илимий-изилдөө иштерине тартуу илимий-изилдөө иштеринин актуалдуу маселелерин чечүү үчүн алардын чыгармачылык потенциалын пайдаланууга мүмкүндүк берет жана окуу процессин улантуу жана тереңдетүү болуп саналат жана түздөн-түз гуманитардык дисциплиналар кафедрасында уюштурулат.
Студенттердин илимий-изилдөө иштеринин негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
- Студенттердин таанып-билүүнүн илимий ыкмасын өздөштүрүүсү, окуу материалын тереңдетип жана чыгармачылык менен өздөштүрүү
- Илимий жамааттарда иштөө көндүмдөрүн үйрөтүү, илимий-изилдөө иштерин уюштуруунун ыкмалары жана тажрыйбалары менен тааныштыруу
- Илимий маселелерди өз алдынча чечүүнүн методологиясын жана каражаттарын окутуу