Саламаттык сактоо уюмдарындагы клиникалык базалар

Студенттердин өндүрүштүк тажрыйбасы – жогорку медициналык билим берүү адистерин даярдоодо окуу процессинин маанилүү бөлүгү болуп саналат.

КЭАУ ЭАММде өндүрүштүк тажрыйба этап-этабы менен жалпы тажрыйба дарыгери адисин даярдоо профилине тиешелүү саламаттыкты сактоо уюмдарында,   студенттердин  теоретикалык билимдерин өздөштүрүүсүнө жараша (ырааттуу түрдө) жүргүзүлөт. Студенттер пландуу жана максаттуу түрдө тажрыйбалык көндүмдөрдү өздөштүрөт жана заманбап медициналык жабдуулар менен таанышат, өз алдынча кесиптик ишмердүүлүккө медициналык чөйрөдө даярдык көрүшөт. Студенттердин тажрыйбасын жетектөөгө жоопкерчиликтүү, компетенттүү клиникалык окутуучулар дайындалат.

Практикалык базалар: