КЭАУ Эл аралык Медицина мектебинин профилакторий жатаканасы Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсү, 6 дарегинде жайгашкан, чет элдик студенттерди кабыл алуу үчүн 800 орундуу, 5 кабаттуу имарат. Жатаканадан кампуска чейин 5 метр аралыктагы жол.
- Жашаган жери: жатаканада ыңгайлуу жашоо үчүн үй эмеректери, шейшептер, сүлгүлөр, (даараткана, душ) ж.б турак жай шарттары түзүлгөн.
- Тазалоо жана тейлөө кызматтары: тазалыкты жана тартипти сактоо үчүн жатакананын коомдук жайларын (коридорлор, ашкана, жуунучу бөлмөлөрдү) тазалоо жана тейлөө боюнча күндөлүк кызматтарды көрсөтүү.
- Интернет: окуу жана туугандары менен баарлашуу үчүн жогорку ылдамдыктагы интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.
- Коопсуздук: күнү-түнү иштеген коргоонун жардамы менен же видеобайкоо тутумдары аркылуу жатакананын коопсуздугун камсыз кылуу.
- Социалдык иш чаралар: чет өлкөлүк студенттерди студенттик коомчулукка көнүктүрүү үчүн ар кандай коомдук иш чараларды жана маданий программаларды уюштуруу.
Эл аралык Медицина мектеби чет өлкөлүк студенттерди жаңы шарттарга тезирээк көнүп, окуу процессине толук көңүл буруусуна, илимий жана чыгармачылык жөндөмдөрүн ар тараптуу өнүктүрүүгө, аларга коопсуз жана мүмкүн болушунча ыңгайлуу жашоо шарттарын камсыз кылуу үчүн көп күч-аракет жумшоодо.
Студенттердин жатаканалардагы жашоосунун социалдык-тиричилик шарттары дайыма «Educational Advisors» компаниясынын расмий өкүлдөрүнүн жана КЭАУ ЭАММдин Студенттерди колдоо жана окуудан тышкаркы иштер бөлүмүнүн башчысынын көзөмөлүндө турат. Студенттерди бөлмөлөргө бөлүштүрүүдө, жайгаштыруу процессине тартылган бардык катышуучулар алардын каалоолорун болушунча толук эске алууга аракет кылышат.