Хирургия бөлүмү жөнүндө

Заведующий кафедрой

Алымкулов Муратбек Чинарбекович

Медицина илимдеринин кандидаты

Доценттин милдетин аткаруучу

Байланыштары:

  • Дареги: Турусбеков көчөсү, 88/1, №408 иш бөлмөсү.

  • Телефон: +996 (705) 64 46 60

  • Email: surgery@ism.iuk.kg

Кафедра тууралуу:

Кафедранын негизги максаты болуп:

  • жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо;
  • хирургиялык ооруларды дарылоо жана диагностикалоонун усулдары жана башка илимий изилдөөлөрдүн жаңы технологияларын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;
  • калкка жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү саналат.

Ошону менен бирге кафедранын окуу процессинде, дарылоо жана илим изилдөө ишмердүүлүгүндө бир катар олуттуу маселелер чечилет.

  • мамлекеттик стандарттын негизинде каралган окуу пландары жана клиникалык дисциплиналар боюнча лекциялардын окулушу, тажрыйбалык сабактардын өткөрүлүшү;
  • студенттердин тажрыйбасын жетекчиликке алуу;
  • сынактарды жана тесттерди өткөрүү;
  • окутуучулар жана студенттер үчүн окуу китептерин жана усулдук колдонмолорду иштеп чыгуу;
  • окуу-усулдук материалдар жана окуу китептерин басып чыгаруу;
  • интернатура жана клиникалык ординатурада хирургия жана “жүрөк кан тамырлары” адистиктери боюнча окутуу;
  • ар кандай программалардын, долбоорлордун жана гранттардын негизинде университеттин илимий иштеринин планы боюнча илим изилдөө иштерин жүргүзүү.