Эл аралык кызматташтык

Эл аралык кызматташтык

Эл аралык кызматташтык – чет өлкөлүк жарандарды окутууга багытталган, эл аралык деңгээлде академиялык мобилдүүлүктү жана профессордук-окутуучулук курамынын квалификациясын жогорулатууну камсыз кылган ЭАММдин ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү . Негизги милдети – ар түрдүү мамлекеттердин университеттери менен эл аралык байланыштарды түзүү, чет элдик студенттерге паспорттук жана визалык кызматтарын көрсөтүү жана документтерди кабыл алуу.

Билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүндөгү эл аралык мамилелердин өнүгүшү – бул өсүү, билим берүү жана тажрыйба алмашуунун ажырагыс фактору. Ушуга байланыштуу, ЭАММдин негизги функцияларынын бири – университеттин башка ЖОЖдору менен эл аралык мамилелердин жана илимий жана билим берүү борборлорунун, анын ичинде академиялык мобилдүүлүк программаларын натыйжалуулугун жогорулатуу. Кыска мөөнөттүн ичинде, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, дүйнөнүн алдыңкы 25 университети менен  эл аралык келишимдерге кол коюлду.

КЭАУнун ЭАММдин түзүлүү тарыхы

Исламабад шаарындагы соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Пакистан эл аралык комиссиясынын 3-жыйынынын протоколуна кол коюлуп, Кыргызстан эл аралык университетинин жана Рифа (Пакистан) эл аралык университетинин базасында КПЭАМИИни түзүү сунушталды.

Жогорку билим берүү комиссиясы жана Пакистан медициналык жана стоматологиялык кеңеши тарабынан сунушталып, биргелешкен Кыргыз-Пакистан эл аралык медициналык илимдер институтун түзүү (KПЭАМИИ) жана кош диплом программасын иштеп чыгуу максатында Рифа эл аралык университети (РЭАУ) менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.

2018ж. – “Эл аралык медицина мектеби”(ЭАММ) түзүлдү, “Дарылоо иши” адистиги боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугуна лицензия (№ LD 180000058 лицензиясы , регистрациялык номуру 18/0017). Пакистан жана Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунда институтту түзүү боюнча бардык маселелер боюнча макулдашуулардан кийин, ЭАММи  кош дипломдорду берүүчү KПЭАМИИ болуп өзгөртүлөт.

2019-жылдын 13-декабрында Дүйнөлүк Медициналык билим берүү федерациясынын Президенти  Дэвид Гордондун Бишкек шаарына болгон расмий сапарынын  алкагында, “Борбордук Азия чөлкөмүндө медициналык билим берүүнү өнүктүрүүнүн келечеги” аймактык эл аралык жолугушуу болуп өттү. Дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясынын сунуштаган дүйнөлүк тенденцияларга жана стандарттарга ылайык, Борбордук Азия чөлкөмүндө медициналык билим берүүнүн көйгөйлөрү жана өнүгүү келечеги талкууланды.