Мамлекеттик тил күнү

КЭАУ ЭАММиндеги мамлекеттик тил күнү
Бүгүн, 2024-жылдын 23-сентябрында Эл аралык медицина мектебинде Гуманитардык жана табигый илимдер кафедрасы студенттерге колдоо көрсөтүү жана окуудан тышкаркы иштер бөлүмү менен биргеликте Мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрдү.
Бул майрамдык иш-чарада Кыргызстан жана Пакистан студенттеринин аткаруусунда кыргыз тилинде ырлар, макал-лакаптар жаңырды. 1-2-семестрдин студенттеринин аткаруусундагы кыргыздын кооз бийи эч кимди кайдыгер калтырган жок, ал эми алардын «Акыя» айтышуусу бардык конокторго унутулгус сезимдерди тартуулады. Иш-чаранын соңунда “Кыргызстаным” ыры жаңырды. Майрамдык иш-чара достуктун жана биримдиктин маанайында өттү.
Белгилей кетсек, мындай иш-чара КЭАУ ЭАММинде эне тилди сактоо жана жаштарды патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө, толеранттуулукка тарбиялоо максатында жыл сайын белгиленет.
Баардык мугалимдерди жана студенттерди майрамыңыздар менен куттуктайбыз!