2026-жылдын 7–9-май күндөрү Кыргызстандын Эл аралык университетинин Эл аралык медицина мектебине Кытай Эл Республикасынын алдыңкы медициналык жана инновациялык уюмдарынын делегациясы расмий сапар менен келди.
BRIMDIA (Belt and Road Medical Device Innovation and Application Alliance) альянсынын өнөктөшү — Шанхайдагы Lin-gang Medical Device Innovation Center борборунун колдоосу менен Peking University First Hospital жана Fudan университетине караштуу Huadong Hospital мекемелеринин өкүлдөрү жана алдыңкы медициналык адистери катышты.
Делегациянын курамына ошондой эле медициналык жабдууларды өндүрүүчү Shanghai Gemple Biotech Co., Ltd., Haofeng Medical Group, Zhanyuan NEW LAB жана PARAMED компанияларынын өкүлдөрү кирди.
Бул сапар медицина, медициналык билим берүү, инновациялык технологиялар жана илимий изилдөөлөр жаатында эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.
Сапардын алкагында Кыргызстандын Эл аралык университетинин ректору, академик Айдаралиев А.А. катышкан тегерек стол өтүп, анда Кыргызстан, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда узак мөөнөттүү трансчегаралык медициналык кызматташуу платформасын түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Өзгөчө көңүл төмөнкү багыттарга бурулду:
• заманбап медициналык технологияларды киргизүү;
• SMART-клиникаларды өнүктүрүү;
• медициналык жабдуулар тармагындагы кызматташтык;
• телемедицина тармагын өнүктүрүү;
• инновациялык хирургиялык чечимдерди жана аз инвазивдүү хирургия технологияларын киргизүү.
Делегация «Аманат» жана «Веданта» университеттик клиникаларын, Чүй облустук бириккен ооруканасын, ошондой эле Эл аралык медицина мектебинин морфологиялык корпусун кыдырды. Жолугушуулардын жүрүшүндө саламаттык сактоо, медициналык кадрларды даярдоо жана алдыңкы медициналык технологияларды киргизүү багыттарында кызматташуунун келечектүү багыттары аныкталды.
Сапардын алкагында Peking University First Hospital мекемесинин омуртка хирургиясы бөлүмүнүн директору, профессор Wang Yu «Веданта» клиникасында көрсөтмөлүү операция өткөрүп, дарыгерлер үчүн мастер-класс уюштурду. Ал омуртка хирургиясы жана аз инвазивдүү операциялар боюнча заманбап ыкмаларды көрсөттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү багыттар боюнча макулдашууларга жетишилди:
• академиялык мобилдүүлүктү жана адистер алмашууну өнүктүрүү;
• регион үчүн актуалдуу оорулар боюнча биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу;
• телемедициналык платформаларды киргизүү;
• оор жана сейрек кездешүүчү оорулары бар бейтаптар үчүн «жашыл коридор» түзүү;
• медициналык технологиялар жана инновациялар жаатында кызматташууну өнүктүрүү.
Тараптар бул сапар Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда медицина, илим жана медициналык билим берүү тармагындагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодо маанилүү кадам болгонун белгилешти.
Бул сапар Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда саламаттык сактоо, медициналык кадрларды даярдоо жана алдыңкы технологияларды киргизүү жаатында узак мөөнөттүү жана системалуу кызматташтыкка негиз түздү.


