2026-жылдын 1-июнунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата КЭАУМ ЭАММнин туденттери Студенттерди колдоо бөлүмү менен биргеликте «Ак Жүрөк» реабилитациялык борборуна барышты.
Кайрымдуулук акциясынын алкагында чогултулган каражатка балдар үчүн таттуулар жана борбордо ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кондиционер сатылып алынды.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер балдарга белектерди гана эмес, өздөрүнүн көңүлүн, камкордугун жана жагымдуу эмоцияларын да тартуулашты. Бул иш-чаранын негизги максаты – балдарга кубаныч тартуулоо, жылуулук көрсөтүү жана майрамдык маанай тартуулоо болду.
Бул кайрымдуулук демилгесине катышкан бардык студенттерге жана уюштуруучуларга боорукердиги, кайрымдуулугу жана кайдыгер карабаган мамилеси үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.



