Сертификаттарды тапшыруу аземи!

“SkillUp Academy” ЖОЖго чейинки даярдык жана кошумча медициналык билим берүү борборунда орус тили боюнча үч айлык интенсивдүү курс ийгиликтүү аяктаганын сыймыктануу менен билдиребиз.

Бүгүн программанын алгачкы катышуучуларына окуусун ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды. Бул убакыт аралыгында алар мазмундуу жана бай программадан өтүп, грамматика, лексика жана сүйлөө практикасы боюнча билимдерин кыйла тереңдетишти.

 Бүтүрүүчүлөрдү курсту ийгиликтүү өздөштүргөнү менен куттуктайбыз жана улуу жана күчтүү орус тилин үйрөнүүдө мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!