Соттук-медициналык экспертиза бюросуна тааныштыруучу экскурсия

06-ноябрь 2025-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин Эл аралык медицина мектебинин “медайым иши” адистигинин 1-курсунун студенттери окутуучу Аманбеков Акылбек Аманбековичтин коштоосунда соттук-медициналык экспертиза бюросуна барышты.
Көчмө сабактын максаты студенттерди соттук-медициналык кызматтын ишмердүүлүгү, бюронун түзүмү, эксперттик иштерди уюштуруу, ошондой эле соттук-медициналык изилдөөлөрдү өткөрүүнүн практикалык аспектилери менен тааныштыруу болду.
Сабактын жүрүшүндө студенттер соттук-медициналык экспертиза процессинин демонстрациясына катышып, адистер изилдөөнүн негизги этаптарын, өлүмдүн себептерин аныктоо ыкмаларын, патологиялык табылгалардын маанисин жана кылмыш жана жарандык иштерди иликтөөдө соттук-медициналык экспертизанын ролун түшүндүрүштү.