25.09.2024 жылы Кыргызстандагы Борбордук Азия Университетинин чакыруусу менен Эл аралык медицина мектебинин Гуманитардык жана табигый — илимий дисциплиналар» кафедрасынын улук окутуучусу Исманова Г.А жана 2 семестрдин чет өлкөлүк студенттери «Кыргызча оңой»/ «Easy Kyrgyz» аталышындагы мобилдик колдонмонун бет ачар презентациясына катышып келишти.
Жыйынды КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мураталиев Мелис Казакпаев ачты.
Андан соң КБАУ нин ректору Тимоти О’ Коннор сөз сүйлөп, «Кыргызча оңой»/ «Easy Kyrgyz» мобилдик колдонмосу Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөр үчүн, кыргыз тилин оңой үйрөнүүгө шарт түзөөрүн белгиледи.
Колдонмонун презентациясын КБАУ нин улук окутуучусу жана колдонмонун автору Карабалаев Данияр алып барды. Презентация учурунда интерактивдүү оюндар орун алып, студенттер активдүү катышып, жеңүүчүлөр Шоро компаниясынын белектерине ээ болушту. «Кыргызча оңой»/ «Easy Kyrgyz» мобилдик колдонмосу Эл аралык медицина мектебинин студенттерине Кыргызстанга келип билим алуусуна, айлана-чөйрөгө тез убакытта адаптацияланышына шарт түзөөрүнө ишенебиз.