- Студенческие организации (5 лет)
- Студенческие организации (6 лет)
- Паспортно-визовые вопросы (5 лет)
- Паспортно-визовые вопросы (6 лет)
- Памятка для студентов МШМ МУК
- Ресурсный центр
- Расписание
- Академический календарь (5 лет)
- Академический календарь (6 лет)
- Документы
- Итоговая Государственная Аттестация
- Рейтинг лучших студентов (5 лет)
- Рейтинг лучших студентов (6 лет)
- Инклюзивное образование
- Ящик доверия
- Медпункт
- Полис обязательного медицинского страхования (ОМС)
- Полезные ссылки
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯСЫНЫН ПРОГРАММАСЫ
Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын программасы (мындан ары — Программа) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 30-июлундагы №1357 буйругу менен бекитилген Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын (ЖКББ МББС) талаптарына жана 560001 «Дарылоо иши» адистиги боюнча окуу планына ылайык иштелип чыккан.
Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация мамлекеттик сынак комиссиялары тарабынан өткөрүлөт.
Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтүнүн алкагында окуу планында жана окуу процессинин графигинде каралган мөөнөттөрдө өткөрүлөт.
560001 «Дарылоо иши» адистиги боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация профилдик дисциплиналар боюнча дисциплиналар аралык сынак түрүндө өткөрүлөт.
Профилдик дисциплиналар боюнча дисциплиналар аралык сынак төмөнкү формада өткөрүлөт:
I этап – Компьютердик тестирлөө. Компьютердик негиздеги тесттик сынак аркылуу теориялык даярдыктын деңгээлин текшерүү.
II этап – Объективдүү түзүмдөштүрүлгөн сынак. Бул студенттердин теориялык билимдерин, калыптанган практикалык көндүмдөрүн жана клиникалык ой жүгүртүүсүн баалоону камтыйт.
I этап – Компьютердик тестирлөө. Компьютердик тестирлөө КЭАУ ЭАММдин Ресурстук борборунун техникалык колдоосу менен, жүгүртмөгө ылайык өткөрүлөт. Тесттик материалдар адистиктин кесиптик дисциплиналарынын мазмунун камтыйт. Сынак бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун бардык багыттары боюнча клиникалык дисциплиналардын мазмунун камтыган дисциплиналар аралык аттестациялык тапшырмалардын бирдиктүү банкынын негизинде түзүлгөн типтүү тесттик тапшырмалар боюнча өткөрүлөт. Бүтүрүүчүлөрдүн теориялык даярдыгынын деңгээлин аныктоочу сынак компьютердик класста бир убакта өткөрүлөт.
II этап – 1-бөлүк. Оорулуунун жанында курациялоо же Объективдүү түзүмдөштүрүлгөн клиникалык сынак тапшыруу. Бул этап кесиптик компетенцияларды текшерүүгө багытталган. Мында, бүтүрүүчүгө кесиптик ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон көндүмдөрдүн жана билгичтиктердин көлөмүн ырааттуу аткаруусун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Бул этапта студенттердин деонтологиялык тарбиясынын деңгээли аныкталат жана студенттердин практикалык даярдыгына жооптуу кафедралардын жана курстардын окутуу ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна баа берилет.
Практикалык мамлекеттик сынак клиникалык базаларда же КЭАУ ЭАММдин Симуляциялык окутуу борборунда кабыл алынат.
Ал эки бөлүмдөн турат: а) ар кандай патологиясы бар чыныгы оорулууну же симуляциялык бейтапты оорулуунун жанында текшерүү, мында бир же бир нече практикалык көндүмдөрдүн аткарылышы бааланат жана б) ЭКГ тасмаларын, рентгенограммаларды, лабораториялык маалыматтарды чечмелөө жана интерпретациялоо.
II этап – 2-бөлүк. Билет боюнча теориялык оозекисынак — бул экинчи этаптын уландысы болуп саналат жана практикалык мамлекеттик сынакты жана тестирлөөнү тапшыргандан кийин өткөрүлөт. Сынак билеттери КЭАУ ЭАММдин бүтүрүүчү кафедралары тарабынан түзүлөт. Билеттин түзүмүнө натыйжалары бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгү үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон төмөнкү окуу дисциплиналары боюнча суроолор кирет:
- Коомдук саламаттык сактоо жана саламаттыкты сактоону уюштуруу, жалпы гигиена, эпидемиология.
- Терапия.
- Педиатрия.
- Хирургия.
- Акушердик жана гинекология.
560001 «ДАРЫЛОО ИШИ» АДИСТИГИ БОЮНЧА ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯНЫН СУРООЛОРУНУН ТИЗМЕСИ:
Жалпы гигиена, Коомдук саламаттык сактоо, Эпидемиология
- Коомдук саламаттык сактоо
- Жалпы гигиена
- Эпидемиология
Терапия
Педиатрия
- Педиатрия
- Балдар эндокринологиясы
- Эрте курактагы балдардын өсүп-өнүгүүсү. Гастроэнтерология.
- Балдар нефрологиясы
- Неонатология менен госпиталдык педиатрия
Хирургия
- Хирургия
Акушердик жана гинекология
- Акушердик жана гинекология
Ата Мекен тарыхы
- Ата Мекен тарыхы
