Тил үйрөнүү-достукту чындайт.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, Ош Улуттук университети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын 33 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын медициналык окуу жайларында билим алган чет өлкөлүк студенттердин арасында «Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу эл аралык фестивал өткөрүштү.
Кыргызстан Эл Аралык Университетинин Эл аралык медицина мектебинин студенттери фестивалга катышып 2 чи орунга ээ болушту.
Бул иш чаранын максаты — чет өлкөлүк студенттердин арасында кыргыз тилин үйрөнүүгө түрткү берүү, чет өлкөлүк студенттерди өлкө, маданият, каада -салт менен жакындан тааныштырууга шарт түзүү.
Мындай иш чаралар эл аралык достук мамилелерди чыңдоого өз салымын кошот,- деп терең ишенебиз.