Жугуштуу оорулар бөлүмү жөнүндө

Кафедра башчысы

Кубатбек Каныбекович

Медицина илимдеринин кандидаты       

Доценттин милдетин аткаруучу              

Байланышуу жолдору:                                                                    

  • Дареги: Л. Толстой к-сү, 100/1, 107- иш бөлмөсү          
  • Эл почтасы: anatomy@mail.ru

Телефону: +996 (312) 53-37-01                                    

Кафедра жөнүндө

“КЭАУ” ОИӨКнын ректорунун 2020- жылдын 1- октябрындагы № 124 буйругуна ылайык, ишмердүүлүктү кеңейтүү максатында 2020-жылдын 1 – октябрында “Коомдук саламаттык сактоо” кафедрасы түзүлгөн.

“Коомдук саламаттык сактоо” кафедрасы студенттерди оорулардын алдын алуу негиздерине, ден – соолукту сактоо жана чыңдоого, калктын жашоо мөөнөтүн узартууну үйрөтүүчү көп тармактуу бөлүм.

Коомдук саламаттык сактоо – бул коомдун, уюмдардын(мамлекеттик жана жеке), жааматтардын жана жеке адамдардын аң – сезимдүү тандоосу жана уюштурулган аракеттери аркылуу оорулардын алдын алуу, жашоо узактыгын  жана сапатын жогорулатуу жөнүндөгү илим жана искусство.

Общественное здравоохранение – это наука и искусство предотвращения болезней, продление жизни и улучшение качества жизни за счет организованных усилий и осознанного выбора общества, организаций (государственных и частных), сообществ и отдельных лиц.

 

Коомдук саламаттыкты сактоо – бул эпидемиология, биостатика, коомдук саламаттыкты сактоо, коомдук илимдер жана саламаттыкты сактоо кызматтарын башкаруу сыяктуу маанилүү багыттар камтылган дисциплиналар аралык тармак болуп саналат. Жалпы гигиена, айлана-чөйрөнүн гигиенасы, мамлекеттик саясат, психикалык ден – соолук, ден – соолукту сактоо жана чыңдоо боюнча маалымат ишмердүүлүгү, саламаттыкты сактоо тармагындагы саясат, жүрүм- турум ден – соолугу, саламаттыкты сактоо экономикасы, кесиптик патологиянын жана майыптыктын алдын алуу, ден – соолуктун жыныстык маселелери, ошондой эле жыныстык жана репродуктивдик ден -соолук да  коомдук саламаттыкты сактоонун маанилүү тармагы болуп эсептелет.

Кафедранын алдына койгон милдеттери:

Дарылоо факультетинин эпидемиология кафедрасынын студенттерин окутуунун максаты болуп, эң кеңири тараган жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуунун теориялык жана усулдук негиздерин билүү болуп саналат.

Эпидемиология боюнча студенттерди даярдоонун белгилүү милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

 принциптерге негизделген динамикалык баа берүү;

– жугуштуу оорулардын очокторун эпидемиологиялык текшерүү жүргүзүү,   артыкчылыктуу нозоформалардын эпидемиологиялык дарт аныктоо ыкмалары;

– эпидемия абалына  тиешелүү иш-чараларды,  алардын натыйжалуулугун эске алуу менен тандоо жана сабаттуу өткөрүү;

– эпидемияга каршы иш-чаралардын натыйжалуулугуна, эпидемияга каршы тутумдардын уюштуруу түзүмдөрүнүн жана кызмат адамдарынын ишинин сапатына динамикалык баа берүү.