2022 – ж. 27 апрелинде Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлар арасында мамлекеттик тил боюнча студенттик олимпиада «Ала – Тоо» Эл аралык университетинде өтту.
Максаты: Кыргыз элинин байыркы жана көп улуттуу эл экендигин даназалоо, ошондой эле кыргыз дөөлөттөрун, баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу. Ошондой эле КР жашаган этносторду кыргыз маданияты менен тааныштыруу, кызматташуу, ички биримдикти чыңдоо жана кыргыз элинин көөнөрбөс мурастарын азыркы ааламдашуу доорунда улуттар арасында жайылтуу.
Олимпиадага 20 жогорку окуу жайдын студенттери «Көркөм окуу» номинациясы боюнча таймашышты. Алардын ичинен Кыргызстан эл аралык университетинин Эл аралык медицина мектебинин 1 курсунун студенти Khan Yaseer көркөм окуу боюнча Э. Ибраевдин «Улут болсом, тилим менен улутмун» аттуу чыгарманы жогорку чеберчилик менен эмоционалдуу айтып бере алды жана кызыктыруучу байгеге ээ болду.