Ассоциациянын миссиясы
бүтүрүүчүлөрдүн динамикалык кызыкдар коомчулукка бириктирүү жана бардык муундардын бүтүрүүчүлөрүнүн рухун бекемдөө.
Ассоциациянын максаттары
Ассоциациянын мүчөлөрүнүн коомдук пайдалуу, маданий, социалдык, маалыматтык жана кайрымдуулук максаттарына жетишүү үчүн иш-чараларды координациялоо, баалуулуктардын жана кызыкчылыктарды калыптандыруу жана сактоо, “КЭАУ” ОИӨКнын ЮЖБсынын (ОЮЛ) бардык жактан жаңылануусуна көмөктөшүү жана бүтүрүүчүлөрдүн байланыштарын бекемдөө.
Ассоциациянын милдеттери
- Өлкөдө ичинде жана чет өлкөдө “КЭАУ” ОИӨКнын ЮЖБсынын беделин көтөрүү жана образын колдоо;
- Алдынкы эл аралык билим берүү, изилдөө жана илимий борборлор катары, “КЭАУ”ОИӨКнын долбоорлорун жана өнүгүү программаларын жүзөгө ашырууга көмөктөшүү;
- студенттердин жана бүтүрүүчүлөрдүн биримдиги жана колдоосу;
- бардык муундардын бүтүрүүчүлөрүнүн өз ара байланышуу үчүн заманбап маалымат чөйрөсүн түзүү;
- Бутүрүүчүлөр Ассоциациясынын мүчөлөрүнүн арасындагы достук мамилелерди сактоого, “КЭАУ” ОИӨКнын ЮЖБсы менен алардын байланыштарын бекемдөөгө көмөктөшүү;
- Бүтүрүүчүлөрдүн интеллектуалдык потенциалынын натыйжалуулугун жогорулатуу, эмгек базарында талап кылынган жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого көмөктөшүү;
- Ассоциациянын ишмердүүлүк профили боюнча консалтингдик жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү, башка уюмдар жана бирикмелер менен кызматташуу;
- чыгармачылык кечелерди, конкурстарды жана фестивалдарды, маданий-массалык жана майрамдык, анын ичинде кайрымдуулук мүнөзүндөгү иш-чараларды уюштуруу;
- бардык муундардын бутүрүүчүлөрүнүн жана студенттердин арасында корпоративдик рухту бекемдөө, “КЭАУ” коомчулугунун баалуулуктарынын жана кызыкчылыктарынын биримдигин сактоо;
- бүтүрүүчүлөрдүн бизнес-идеяларын жана долбоорлорун колдоого алуу, жаш бренддердин өнүгүүсүнө жана алдыга жылуусуна жардам көрсөтүү;
- “КЭАУ” ОИӨКнын ЮЖБсынын каада-салттарын колдоо жана сактоо.
Байланыштар
Кыргыз Республикасы,
720007 Бишкек шаары,
Л.Толстой к-сү, 17А/1
Тел.: +996 (312) 64-23-37
Факсы: +996 (312) 64-23-28
Электрондук дареги: alumni@ism.iuk.kg
http://alumni.iuk.kg/